СОЦИАЛДЫК УБАКЫТ

СОЦИАЛДЫК УБАКЫТ — социалдык убакытты адамдардын бири-бирин алмаштырган ишмердүү- лүктөрүн мүнөздөө үчүн колдонуучу категория. С. у. социалдык формалардын калыбынын туруктуулугун белгилейт. С. у. социалдык болмушту рухий-теориялык деңгээлде сүрөттөйт ж-а социалдык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн, байланышын, уюшуусунун шарты катары эсептелет. Коомдун традициялык формаларында социалдык болмуштун мейкиндик мүнөздөмөлөрү убакыттын ченемин өзүнө көз каранды кылып, аныктап турган. Жаңы Мезгилде, индустриялык коомдун түзүлүшү м-н, убакыт адамдардын ж-а буюмдардын социалдык сапатынын негизги өлчөгүчү болуп, көз карандылык «которулуп» калган. Адамдын бардык иш — аракеттери, ишкердүүлүгү убакыттын орто же зарыл сарптоосуна такалып, социалдык процесске трансляцияланып, убакыттын формаларынын жалпы суммасына кошулат.