СТРАТЕГИЯ ЖАНА ТАКТИКА

СТРАТЕГИЯ ЖАНА ТАКТИКА, саясий (гр. strategia – аскер + taktika – аскерлерди түзүү искусствосу) – саясийишмердүүлүктүн негизги жолун жана аны ишке ашыруунун ыкмаларын белгилөө үчүн колдонулуучу түшүнүк;  партиялардын, мамлекеттин жана коомдук биримдиктердин жана кыймылдардын программалык жана башка иш  кагаздарында аныкталат. Стратегия саясаттын субъекттери алдына койгон ири масштабдагы маселелер менен иш  алып барат. Анда максаттар жана ага жетишүү үчүн негизги каражаттар союздаштар менен оппозицияны камтыган  саясий күчтөрдүн болжолдуу орун алышы калыптанат, кыймылдын жакынкы арадагы жана бүтүүчү чектери белгиленет.  Стратегия тарыхый жагдайдын, массалык аң-сезимдин реалдуу абалынын орноп жаткан социалдык-саясий  кырдаалдардын шартында стратегиялык ыкмалары жана жолдорунун жыйындысы. Ал бүткүл кыймыл үчүн эмес,  көбүнчө анын айрым мезгилдери, айкын маселелерди чечүү үчүн иштеп чыгарылат. С. ж. Т-га ылайык келген  ишмердүүлүктүн субъекттеринин саясатын белгилүү көрсөтмөлөрдө, багыттарда, түздөн-түз саясий, экономикалык,  социалдык практикада «материалдаштырат». Анда белгилүү социалдык күчтөрдүн кызыкчылыктары чагылдырылат.  Тарыхый процесстин объективдүү мыйзамдарына таянып, коомдун прогрессивдүү катмарларынын кызыкчылыктарын  чагылдырат. С. ж. Т. илим жана искусствонун деңгээлине чейин жогорулайт. Бул тарыхый процесстин объективдүү  мыйзамдарын канчалык толугураак чагылдырган сайын, саясий С. жана Т-нын коомдук өнүгүүгө активдүү таасири  ошончолук жогорулайт. Кыргыз Республикасынын азыркы мезгилдеги саясий С. ж. Т-сы төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:  башкарууга кеңири коомдук катмарды, биринчи кезекте, эмгекчилерди тартуу жолу менен бийликти ирээттүү түрдө  демократташтыруу, саясий партиялардын жана кыймылдардын ортосундагы консенсус, жалаң эле көпчүлүктөн эмес,  азчылыктын да кызыкчылыктарын эске алган, өз ара ыңгайлуу чечимдерди табуу, конфликтерди чечүүдө «күч»  колдонуу методдорун колдонууга жол бербөө, өлкөнүн өнүгүү келечегин аныктоодо чет өлкөлүк таасирлерге жана орой  кийлигишүүлөргө жол бербөө, улуттук биримдикти көздөн карегиндей сактоо ж. б. Илимий негизделген саясий С. ж. Тнын болушу төмөнкүлөргө жол бербейт: массанын аң-сезимин бурмалоо жана алдоо; алардын кызыкчылыктарын көзгө  илбөө; жүргүзүлгөн аракеттердин тобокелчилиги жана опурталдуулугу; саясий акциялардын шашылыш жана  текшерилбей жүргүзүлүшү; оппозиция менен күрөшүүдө цивилизациялык эмес каражаттарды колдонуу, улуттук  маанидеги чечимдерди кабыл алууда олуттуу каталарды кетирүү ж. б. Эгер буларга жол берилсе, анда улут жана  мамлекет бөлүнүп-жарылууга учураары шексиз. Саясаттын ачыктыгы, маалымдуулугу, калк менен кеңешүү жана анын  алдында отчет берүү эң зарыл. Ошондо гана масса демократтык кайра курууларды колдоп, жигердүү жана чечкиндүү  аракеттерге барат.