Студенттер космоско гамбургер жөнөтүштү

Гарварддын беш студенти биринчи жолу космоско гамбургер жөнөтүшүп, мурда эч качан болуп көрбөгөн эксперимент кылышты. Алар бул «Скайфолл» деген аталыштагы экспериментти баштан аяк камерага тартып алышып Интернетке жүктөшкөн.
Студенттер кадимки эле гамбургерди Массачюсетс штатынан бир канча күн мурда сатып алышкан жана эксперимент болгонго чейин гамбургер катуу абалга келген. Гамбургер шамалга туруштук берүү үчүн спрей чачып, процессти чагылдыруу үчүн видеокамера жана GPS орнотушкан. Баардыгы даяр болгон соң буларды гелий толтурулган шарга бекитип космоско учурушкан.
Бутерброд стратосферага чейин көтөрүлүп, болжол менен 30 километр бийиктикке жеткен соң шар жарылып гамбургер кайра жерге кулаган. Көптү көрүп калган бул бутерброд Бостондун жанындагы токойдо, учурулган жерден 200 км алыстыкта бактын башында табылган. Бактын башындагы «космонавтты» бир канча күндөн кийин гана алышкан.

Студенттер бул гамбургерди биринчи «космонавт-гамбургер» деп аташууда.