ТАБИЯТ

ТАБИЯТ (Природа) — 1) кең маанисинде бүткүл дүйнөнү, андагы формалардын көп түрдүүлүгүн чагылдырган философиялык түшүнүк; материя, универсум, аалам түшүнүктөрү м-н бир катарда пайдаланылат. Т. аң сезимден сырткары ж-а ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулук. Анын баш-аягы жок, убакыт ж-а мейкиндик боюнча чексиз, тынымсыз кыймылдап ж-а өзгөрүп турат. Ошол себептен философияда Т. түшүнүгү нерсенин алгачкы маңызын (өзөгүн) да, адам тарабынан жаратылбаган нерселердин жыйындысын да белгилөө үчүн колдонулат. 2) Табият таануу илимдеринин объектиси. 3) Тар мааниде Т. тирүү организмдердин ж-а адам коомунун жашоосу үчүн зарыл болуп эсептелген табигый шарттардын жыйындысы; мындай маанидеги Т. биосфера деп аталат. Өзүнүн келип чыгуусу ж-а жашоо- тиричилиги боюнча адам Т-тын бир бөлүгү болуп саналат. Адам коомунун пайда болушу Т-тын келбетин маңыздуу түрдө өскөрткөн. Т-тын объективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн таанып билүү, ага атайы түзүлгөн эмгек куралдары ж-а каражаттарынын жардамы аркасында таасир берүү аркылуу адамдар адам коому үчүн зарыл болуп эсептелген материалдык жыргалчылыктарды алуу максатында Т-тын заттары м-н энергиясын пайдаланышат. Ошентип, жашоо-тиричиликтин табигый чөйрөсү «экинчи Т.» деп аталган жасалма нерселер м-н толукталат. «Экинчи Т.» деп Т-та даяр түрүндө кездешпеген ж-а коомдук өндүрүштүн процессинде түзүлгөн нерселердин жыйындысы аталат. Бирок, Т-ты активдүү түрдө өзгөртүп түзүү м-н адамдар Т-тын ажырагыс бир бөлүгү бойдон кала беришет. Адамдар Т-ты Т-тын мыйзамдарына ылайык, табигый күчтөр м- н процесстерди пайдалануу аркылуу гана өздөрү каалаган багытта өзгөртө алышат. Коом м-н Т-тын өз ара алакасынын деңгээлинин негизги көрсөткүчү болуп өндүргүч күчтөрдүн мүнөзү эсептелет. Азыркы шарттарда Т-ты коргоо, коомдун өндүрүш ишмердүүлүгү м-н биздин планетадагы глобалдуу жаратылыш процесстеринин рационалдуу айкалышынын проблемасы өзгөчө курч мүнөз күтүүдө.