ТАРТИП

ТАРТИП (Дисциплина) (лат. disciplina) коомдук — адамдардын коомдогу калыптанган укук ж-а мораль нормаларына же кайсы бир уюмдун талаптарына жооп берүүчү жүрүм-турумунун белгилүү бир ырааттуулугу. Т.коомдун нормалдуу жашосунун зарыл шарты болуп эсептелет; Т-ке жараша адамдардын жүрүм-туруму жөнгө салынып, ал коллективдүү ишмердикти ж-а социалдык уюмдардын милдет аткарууларын камсыз кылат. Коомдо дайыма жалпыга милдеттүү Т. ж-а белгилүү бир уюмдун мүчөлөрү үчүн гана милдеттүү атайын Т. (эмгектик, аскердик ж. б.) колдонулат. Ички же жекече Т. м-н пайда_көздөгөн Т. мажбурлоо аркылуу таңууланган тартиптен айырмаланат. Ички Т. адамдардын жүрүм-турумун жөнгө салуучу нормаларды коом мүчөлөрү терең өздөштүргөн жерде болот. Мындай Т. сырткы санкцияларсыз ж-а мажбурлоочу ишчараларсыз эле орногон болот. Пайда көздөгөн Т. м-н мажбурлоо аркылуу таңууланган тартип сырткы оң ж-а терс санкцияларга таянат. Акырында Т. коом мүчөлөрүнүн жекече кызыкчылыктарынын, алардын муктаждыктары м-н жүрүм- турумдун социалдык жактан шартталган нормаларын орундатууларынын дал келүү даражасы м-н аныкталат.