ТАРЫХЫЙ ЖАНА ЛОГИКАЛЫК

ТАРЫХЫЙ ЖАНА ЛОГИКАЛЫК (историческое и логическое) — теориялык философиянын түшүнүктөрү. Философиянын тарыхында Т. ж-а Л-лык кубулуштардын өз ара алакасына Аристотель кайрылган. Анын окуусунда Т. ж-а Л-лык акыл м-н сезимдик кабыл алуулардын айкалышуу проблемасы катары берилген. Т. ж. Л-тын өз ара алакасынын проблемасына Г. В. Гегель, К. Маркс, А. Грамши, неопозитивисттер ж-а башкалар да кайрылышкан. Философиялык адабиятта Т. ж. Л-тын өз ара алакасы проблемасы боюнча төмөнкүдөй абалдар иштелип чыккан. Эгер Т. ж. Л-ты онтологиялык өңүттө карай турган болсок, анда тарыхый объекттин калыптануу ж-а өнүгүү процесси болуп саналат да, логикалык — объекттин өнүгүшүнүн логикасы, тарыхый өнүгүүнүн, ойдун кыймылынын натыйжасы, өнүгүп жаткан объекттин теориялык элеси катары түшүндүрүлөт. Мында Т. ж. Л-тын куралган биримдиги жөн гана дал келишүү катары эмес, диалектикалык биримдик болуп саналат. Т. ж. Л-та катар жүрүшөт, бирин бири шарттайт ж-а четке кагат. Т. ж. Л-ты изилдөөнүн гносеологиялык өңүтү да бар. Мында Т. ж. Л. илимий таануунун эки методу катары каралат. Таануунун тарыхый методу өнүгүү процессинде чечүүчү роль ойногон нерсенин белгилүү бир формаларынын өзгөрүү удаалаштыгын ачып ж-а бир форманын экинчи формага өтүшүн көрсөтүп берет. Тарыхый метод өз ара тыгыз байланышкан төмөнкүдөй эки жактан турат: 1) жалпы мүнөздөгү процесстерди изилдейт, көрүнүштөрдүн конкреттүү формаларын абстракциялоо аркылуу өтө жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрдү иликтейт; 2) өнүгүүнүн айрым этаптарындагы предметтердин өзгөчөлүктөрүн ж-а «кокустуктарды» анализдейт. Логикалык метод мамилелер системасы калыптанган, элементтери башка элементтер м-н ички биримдикти түзгөн, ошол эле учурда статика абалында, туруктуу кубулуш деп шарттуу эсептелген нерсени гана изилдейт. Ошол эле учурда логикалык методдун өзү да төмөнкүдөй эки этаптан турат:       1) нерсенин структуралары ж-а белгилүү бир сапаттык биримдигинин калыптанышы м-н байланышкан логикалыктын пайда болушу; 2) толук калыптанган, зарыл болгон структурасы өнүккөн ж-а сапаттык жаңы бүтүндүккө карай өзгөрүүгө даяр турган нерсе. Т. ж. Л-тын өз ара алакасын таануу процессинин натыйжаларынын таануунун тарыхый өнүгүшү м-н айкалышы катары кароого болот. Мис., кең мааниде каалагандай илим тарыхый ж-а логикалыктын суммардык биримдиги болуп саналат. Мында тарыхый нерсе катары гипотезалуу, проблемалуу же нормативдүү, конкреттүү илимди, ал эми логикалык катары жалпы илимдерден абстракциялоо жолу м-н алынган ж-а таануунун прогрессинин жүрүшүндө калыптанган чындыктын элементи аркылуу детерминирленген илимдин бекем ядросун (өзөгүн) түшүнүүгө болот. Т. ж. Л-тын байланышы изилденип жаткан объекттин өнүгүү процессинде кездешүүчү секириктерден, жаңы сапатка өтүүдөн да көрүнөт. Таза логикалык жол м-н баштапкы категориядан кийинкисин алуу мүмкүн эмес, ал эми конкреттүү тарыхый материал чыныгы картинаны берет да, анализдеги жаңы деңгээлге өтүүнүн мүмкүндүгүн ж-а зарылчылыгын пайда кылат. Т. ж. Л-тын өз ара байланышы логикалуу өнүккөн нерсе өздүк тарыхка ээ экендиги м-н да шартталат. Өнүгүүнүн жүрүшүндө каалагандай система бардык эле элементтер м-н процесстерди эмес, өзү үчүн зарыл ж-а керек болуп саналган, өзү тууралуу жалпы түшүнүктөрдү жараткан элементтер м-н процесстерди гана сактап калат. Анын үстүнө өнүгүүнүн жүрүшүндө белгилүү бир кубулуштар м-н процесстердин реалдуу мааниси күчөйт же начарлайт да, системанын иштөөсүнүн алгачкы этаптарында калыптана баштаган өнүгүүнүн тенденциясын так аныктоого мүмкүнчүлүк пайда болот. Ошол себептен Т. ж. Л-тын диалектикасы нерсенин сандык ж-а сапаттык аныктамалары м-н тыгыз байланышкан. Ошол себептен нерсе бышып жетилмейинче анын айрым элементтери сапаттык эмес, сандык жактан гана түшүнүлүшү мүмкүн. Т. ж. Л-тын диалектикасы мурдагы тарыхый окуянын кийинкисине ж-а тескерисинче, шарттын шарттуулукка, себептин натыйжага, жөнөкөйдүн татаалга өтүүсүнөн да байкалат. Конкреттүү историзм принциби каралып жаткан нерсенин чыныгы тарыхы башталган пункту объективдүү түрдө тактоону милдеттендирет. Т. ж. Л-тын аналогу катары генезис м-н структураны, жалпы м-н жекени, бүтүн м- н бөлүктү, форма м-н мазмунду ж. б. атоого болот.