ТАРЫХЫЙ МЕКТЕП

ТАРЫХЫЙ МЕКТЕП (историческая школа) — 19-к-дын ортосунда Германияда пайда болгон саясий экономиянын багыты. Т.м-тин негиздөөчүсү катары Ф. Лист аталып жүрөт. Анын В. Рошер, Б. Гильдебранд, К. Книс ж. б. теоретиктери саясий экономияга тарыхый методду киргизүүгө кылган аракеттери үчүн аталган багыт тарыхый мектеп деген атка конгон. Т.м-тин өкүлдөрү саясий экономиянын негизги милдети катары чарбалык кубулуштарды сүрөттөп жазууну аташкан, бардык өлкөлөр үчүн жалпы болгон объективдүү экономикалык мыйзамдардын болушун четке кагышкан, ар бир өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнүн кайталангыс жолдорун баса белгилешкен. Т. м. саясий экономияны улуттук экономия тууралуу окуу м-н жаңылыш алмаштырышкан. 19-к-дын 70-80-жылдарында Т. м. саясий экономиянын башка мектептери тарабынан четке сүрүлүп калган. Т. м-тин негизги идеялары кийин жаңы (жаш) Т. м-тин өкүлдөрү тарабынан улантылган.