ТЕЙЛОРИЗМ

ТЕЙЛОРИЗМ — америкалык инженер Ф. У. Тейлордун (1856-1915) ысмынан аталган. 19-20-к-дын чегинде АКШда пайда болгон эмгекти уюштуруу ж-а өндүрүштү башкаруу системасы. Илим м-н техниканын жетишкендиктерин пайдаланып, жумушчуларды иштетүүнү күчөтүү аркылуу максималдуу кошумча нарк алуу максатын көздөйт. Т. эмгек процесстерин изилдөө, жумушту так ж-а тез аткаруу, ошондой эле жабдуунун иштөө тартибин белгилөө, жумушчуларды тандоо ж-а атайын даярдоо маселелерин карайт. Тейлор карылуу, шамдагай, чебер хронометраждап аныкталган иш нормасын бардык жумушчулар аткарууга милдеттүү деп, эмгек өндүрүмдүүлүгүн ж-а өндүрүмдүүлүгүн, синтенсивдүүлүгүн жогорулатууну көздөгөн. Норма аткаргандарга тарифтегиден жогору эмгек акы төлөнүп, аткарбагандарга штраф салынган. Эмгектин өндүрүмдүгүн арттыруу үчүн жумуш күнүнө дем алуу убактысы киргизилген. 20-к-дын башында Т-дин натыйжасында америкалык ишканаларда иштин өндүрүмдүүлүгү кескин жогорулап, ага чыдабаган жумушчулар жумуштан бошотулган же башка ишке которулган. Т. капиталисттик өлкөлөрдөгү эмгекти уюштуруунун негизин түзгөн ж-а азыркы кезде да тигил же бул шартта, кандайдыр деңгээлде колдонулат. Т. социалисттик өлкөлөрдө да таасирин тийгизген. Бул системаны механикалык позиция, туура эмес дегендер да бар.