ТЕЛЕОЛОГИЯ

ТЕЛЕОЛОГИЯ (гр. talos — бүткөнү, максат, аяктоо ж-а logos — окуу) — максат же максатка ылайыктуулук жөнүндөгү окуу. Бул б-ча адамдын эле аракети эмес, тарыхый окуялар ж-а жаратылыш-кубулуштары ж-а жалпы планда да, жекече да белгилүү бир максатка багытталган. Т. антропоцентристтик көз караш, эгерде бардыгы тең Адам үчүн жашаса; метафизикалык окуу, эгерде бүткүл дүйнөлүк процесстин үстүнөн акыркы максат бийлик кылат деп далилдесе; трансцендеттик окуу, эгерде ал дүйнөдөн тышкары турган максаттуу аркы (тиги) дүйнө бар деп моюнга алса; имманенттик — эгерде максат нерсенин өзүндө деп эсептесе (энтелегия). И. Кант Т-нын регулятивдик, эвристикалык гана принцип, дүйнөнүн дал өзүн эмес, анын сыртын гана аңдап-билүү үчүн мааниси бар деген. Христиандык теологиялык көз караш б-ча Кудай өзү кубулуштун бир гана жогорку ж-а эң акыркы максаты. Немец идеализми да болжол м-н ушундай түшүнөт. Т. азыркы учурда да дискуссиянын ж-а анализдин предмети болууда. Ошентсе да, жалпы детерминизм деген концепцияны изилдөөдө Т-лык детерминацияга себептик, статистикалык, механикалык ж. б. детерминациянын түрлөрүндөй эле башталмалык ж-а фундаменталдык орун берилүүдө.