ТЕЛЕСНОСТЬ — ДЕНЕЛҮҮЛҮК

ТЕЛЕСНОСТЬ — түз ж-а кыйыр мааниде «денелүүлүк», «материалдуулук», «жердик» деген түшүнүктөрдү билдирет. Т.- традициялык метафизикалык багыттагы ойлорду — субъект-объект, репрезантациянын бирдиктүү борбору, гносеологизмди имплицисттик жол менен көтөрүп мактоо ж. б. обочолонтуп сүрүп чыгууга кызмат кылган түшүнүк. Классикалык философия субъект-объект, дене-жан, трансценденталдык- имманенттик, тышкы-ички ж. б. түшүнүктөрдүн дихотомиясын түшүндүрүп чыга алган эмес. Ал эми булардын дихотомиясын тажрыйбанын биримдигине кайрылып, жеңип чыкса болот, анткени, Т. дал тажрыйбанын турукташтыруучу түзүлүшү (структурасы). Бирок, мында Т. объект да, дене мүчөсүнүн суммасы да эмес, ал өзгөчө түзүлүш, уюшулуш (образование), тактап айтканда, Адам тажрыйбасында белгилүү ар кандай ойлорго чейин туруктуу жашаган, бирок, баамдалбаган, ынандырылбаган горизонт болуп эсептелет. Рефлексиялык анализге алууга болбогон, ырааттуу рационалдык аракет схемасы боюнча ажыратылгыс Т. жаратылыш ж-а маданият объектеринин эң алгачкы башталышы болгон. Окумуштуулар Т. «феноменалдык дене», «потенциалдык дене», «мүчөсүз дене», «мүмкүн болуучу аракеттердин системасы», «либидиндик каалоо», «ойдун фигурасы», «тканы» же «аң-сезимдин интенционалдык актысынан мурда аны жараткан структура», «текст-өзгөчө түрдөгү дене» ж. б. аташкан. Т. дүйнө «ички», «тышкы» деп бөлүнгөнгө чейинки ага тике катышып турган факт. Ушундан улам Т. феномени дүйнөнүн «ички», «тышкы» деп ажыратылбастыгын билдирген илим предмети болуп калууда. Т. б-ча алганда субъект-странсценденталдык түшүнүк, субъекттин ою — бул мейкиндик ж-а убакытка байланыштуу мүнөздөмөлөрдөн ажыраган, бирок өзүнө-өзү айкын ж-а «мен» деген түшүнүктү элестетет. Бул субъект денесиз ж-а өлбөс субъект, ал трансценденталдык формада жөнөкөй эле гносеологиялык абстракция эмес, ал реалдуу субъект оюн толук алмашкан түшүнүк. Натыйжада, аң-сезимден ырааттуу түрдө сезимдүүлүктүн бардык элементтери «туулган», аны м-н кошо аң-сезимдин дүйнө м-н байланышкан учурлары да токтогон, субъекттин аң- сезимин рефлексиялык контролго алууга болбойт. Трансценденталдык субъективдүүлүктүн чегинен чыгуу- ойдун «таржымалдык», «топографиялык» параметрлерин аныктоо максатын коёт. Мында, мис., Т. аң- сезимдин бир учурдагы абалын мүнөздөйт, ал б-ча субъект аң-сезими өзүн-өзү бийлей албай калат (катуу коркуу страх), катуу бузулуу (шок), жогорку эйфория, эмоция ж. б. Ал эми француз философу М. Фуко (1926-1984) Т. позициясында коомду социалдык ж-а денелик тажрыйбалардын өз ара шартталып иштелген тарыхый продуктусу деп аныктаган; дагы Т. терапевтик саясаттын эки формасынын — Адам денесинин анатомосаясаты менен калктын биосаясатынын бириккен түйүнү болот деген. Фуконун изилдөөсүн немец философу ж-а жазуучусу Э. Юнгер улантып, «жумушчу» м-н «солдаттын» дене фигураларын дал дене формаларын түзүүчү субъекттер катарында даана сүрөттөп жазган. Бирок бул фигуралар (эки эркек адамдын накта денелери гана) саясий-экономиялык, социалдык-психологиялык экспликация (шарттуу) белгилер аркылуу түшүндүрүү аркылуу же культурологиялык категориялар аркылуу андай кесиптеги адамдарды түшүнүп билүүгө мүмкүндүк бере албайт. Т-то анонимдүүлүк өзгөчө орун алган. Ал боюнча Т. тажрыйбанын эң жогорку синтези ж-а биримдиги катарында өзүнө гана тиешелүү дүйнөсү бар, ал дүйнөнү өзү рационалдыксыз, ишке ашуу функциясына баш ийүүсүз түшүнөт.