ТЕМИРКУЛ ҮМӨТАЛИЕВ

ҮМӨТАЛИЕВ  Темиркул (1908, Аксы району  –  1991, Бишкек ш.)  –  кыргыз эл акыны.  Үмөталиев өзүнүн жазуучулук шыгын негизинен адабияттын бир гана жанры поэзияга арнап, ушул тарамда жарым кылымдан ашуун  үзүрлүү  эмгектенди.

Акындын бардык ырлар жыйнагындагы башкы идеялык-тематикалык багытын жаңы түзүлүштүн күрдөөлдүү жаңылыктарын, эмгектин шаңын даңазалоо түзөт. Сүйүү  жөнүндөгү  болсун, Ата журттун кооздугуна суктанган пейзаждык ырларында болсун, заман толкуну, акын духу, коомдун өнүгүү тенденциясынын тамыр кагышынын илебине жуурулуша, акындык граждындык позициясы, көз карашы аркылуу чыпкаланып өзгөчө эмоционалдык стилде окурманга тартууланат. 30–40 жылдарда жараткан чыгармаларында өзгөргөн турмуш, элдин жаңырган бытиеси, жетишкендиктери, эмгекке чыгармачыл мамилелери таасын чагылдырылган.

Акындын «Күч бирдикте” (1934), «Алпкаракуш”, (1939), «Соодагер менен жылан жөнүндө  жомогу” (1939), «Эчки, кой, төө, жылкы, уй бешөөнүн талашы” (1940) – жазма адабияттын канондоруна салып иштелип чыккан фольклордук мотивдерден алынган көлөм-дүү  чыгармалар. Булардан тышкары акындын уламыш, легендалардын негизинде жазылган «Мансапкер”, «Өмүрбектин жомогу”, «Малга тойбос”, «Эненин жүрөгү” сыяктуу поэма, сюжеттүү  көлөмдүү  ырлары бар. Дегинкиси акындын элдик оозеки чыг-лыкка кайрылуусу, кийин «Канышбек” аттуу таасирдүү  реалисттик даражадагы чыгарма жаратуусуна түрткү  болгон. «Күн бирдикте” поэмасынын сюжети да элге белгилүү «Ырыс алды ынтымак” аттуу жомоктон алынган.

1938-ж. жарык көргөн «Туратбай” поэмасы кыргыз адабиятындагы тарыхый-революциялык чыгарма катары бааланып жүрөт. Чыгармага өткөн доордун духун автор ишенимдүү, типтүү  деталдарды, объектерди ыктуу колдоно жеткиликтүү сиңире алган бай-манаптардын психологиясынын нюанстарын орундуу, кылдат бере билүүгө  сүрөткердин көрүнгөндүн колундагы турмуштук тажрыйбасы зор негиз болгон. Поэма өткөн доордо эзилген адамдардын жаңы түзүлүштө тең укукка жетип, көкүрөк кере дем алып,  өз эмгегинин ээси болгондугунан да  кабар кылат.  Үмөталиев аялдардын ар жактуу илимдердин поэтизациялоого көп үлүш кошкон сүрөткерден. Анын калеминен эмгекчил, мээрман, боорукер, намыскөй, сүйүүгө бек жана патриот кыргыз аялдарынын сүйкүм Айсулуу («Айсулуу”), Жыпар («Жыпар”), Каныбек («Каныбек”), Айша («Кубат”) сыяктуу түркүн мүнөз, кылымдарга образдар галереясы жаралды. Көлөмдүү  жазылган «Сүйүү” поэмасы лөлүлөр турмушунан алынып жазылып, махабат жөнүндөгү маселе жалпы адамзаттык кумарга ээ берилген.

 Үмөталиевдин 30–40-жылдар аралыгындагы чыгармачылыгында саясий лирикалары бөтөнчө орунда турат. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда акындын дити, энергиясы, таланты, элдердин тилектештигин, совет жоокерлеринин каарман эрдигин, мекендик улан кыздарынын антын, патриотизмин, фронт менен ооруктун күжүрмөн эмгегин, майтарылбас духун толук бойдон сүрөттөгөн. Бул темадагы ири поэмасы «Кубат” (1953) жана «Үч баатыр” жөнүндө ыр (1943). Согуштан кийинки жылдарда Үмөталиевдин поэтикалык чеберлиги да, тематикалык диапозону да өнүгүп өсүү, кеңейүү жолунда болду. Акын 50–80-жылдарда эпикалык жанрда  өзгөчө  жемиштүү  иштеди. Анын «Жыпар”, «Кызыл Жар”, «Ак алтын жөнүндө  ыр”, «Койчу”, «Канышбек”, «Кундузкан”, «Барскан ”, «Баатыр”, «Большевиктер”  өңдүү  ж. б. фольклордук мотивдеги поэмалары жаралды.  Үмөталиевдин көп-төгөн ырлары обонго салынып, эл арасында сүймөнчүлүк менен ырдалып жүрөт. Калемгердин поэтикалык диапозону кеңири ал поэзиясы жанрынын бардык формаларында иштегендиги маалым. Ошондой эле бирге кара сөз жаатындагы «Көл боюнан бир көрүнүш”  өңдүү  сатиралык, жол очерктери, «Согуштан согушка” ыр менен жазылган очерки акындын көп кырдуу талантын аныктап турат.  Үмөталиевдин акындык, коомдук көп жактуу ак эмгеги  өз мезгилинде жогору бааланып, ал Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, эки жолу «Ардак белгиси” жана Эл достугу ордендери, Октябрь революциясы ордени, бир нече медалдар менен сыйланган.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ