ТЕМИР ДООРУ

ТЕМИР ДООРУ болжолу б. з. ч. 8-к-дан башталат. Ал темирден жасалган эмгек ж-а согуш куралдарынын пайда болушу, кеңири жайылышы м-н мүнөздөлөт. Т. д-нун техникалык жагынан эң негизги жетишкендиги кенден темирди нымдуу үйлөө ыкмасы м-н алуу болуп саналган. Жаңыдан пайда болгон бышык металлга таш, сөөк, жыгач, ж.б. теңтайлаша алган эмес. Темир буюмдарды коло буюмдардай куюу жолу м-н эмес, согуу жолу м-н жасалган. Темирди металлдан жасалган дөшүнүн үстүнөн коюп, согуп керектүү формага келтиришкен. Темирди кеңири колдонуунун негизинде калктын чарбалык турмушу жаңы өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Соконун темир тиштери, ороктор, керки сымал куралдар ж.б-лар түшүмдүү-лүктү бир кыйла жогорулатып, азык-түлүк оокаттарын көбүрөөк даярдоого мүмкүн-чүлүк түзгөн. Темир куралдарына ж-а жабдыктарына болгон муктаждык дыйканчылыктан бөлүнүп чыккан кол өнөрчүлүктүн (темир устачылыктын) пайда 218 болушуна түрткү болгон. Т. д-нун башында көпчүлүк уруулар сооданы дааналай (натуралай) жүргүзүшкөн. Алгачкы жөнөкөй соода патриархалдык-уруулук бирикменин коллективдүү жашоосун бузуп, жеке менчиктин пайда болушуна, өнүгүшүнө ж-а жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы мүлктүк теңсиздиктин тереңдешине алып келген.