ТЕМПЕРАМЕНТ

ТЕМПЕРАМЕНТ (лат. tempera-mentum — бөлүктөрдүн тиешелүү катышы) — адамдын психикасын мүнөздөгөн жеке өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы. Т. сезимдин күчүнө жараша терең же үстүртөн, анын өтүү ылдамдыгына, туруктуулугуна же тез алмашуусуна карата билинип-көрүнөт; ошондой эле мүнөздө Т. индивиддин кыймыл-аракетинин өзгөчөлүгүнө жараша да болуп өтөт. Т-тин негизинде жогорку нерв иш- аракетинин типтери жатат. Күчтүү, оор басырыктуу, сергек типтеги Т-тер сангвиниктик Т-ке туура келет; ошондой эле күчтүү, оор басырыктуу, бирок аз кыймылдуу нерв аракет типтери-флегматикалык Т-ке; күчтүү, токтоно албаган тип-холериктик Т-ке туура келет, мында көңүл чукул алмашылып, эмоциялык козголуулар, буулукма кыймылдар болот. Күчү аз, алсыз тип-меланхоликтик Т. мында сыртынан аз билинген, акырындык м-н келип чыккан, терең ж-а далайга созулган сезимдер өкүм сүрөт. Т. тубаса касиети бар нерв системасы м-н эле эмес, турмуш ж-а иш-аракет шарттары м-н да шартташкан. Т. индивиддин өмүр жолунда өзгөрүлбөс болуп калбайт. Түрдүү Т-тер инсандын бардык коомдук зарыл сапаттарынын, касиеттеринин өнүгүүсүнө тоскоол болбойт, бирок, ар бир Т. өзүнүн калыптануусунда өзгөчө жолду ж-а ыкма, арганы талап кылат. Т. Адам мүнөзүнүн өзгөчөлүктөрүнүн бир өбөлгөсүн түзөт.