ТЕОКРАТИЯ

ТЕОКРАТИЯ (гр. theos – кудай, kratos – бийлик — түздөн-түз кудайдын бийлиги( – мамлекеттин түрү; мамлекетти  башкаруу көбүнчө дин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлөт, ал эми чиркөөлүк иерархиянын башчысы жогорку диний  жана граждандык бийликке ээ. Т-лык мамлекетте жогорку бийлик үстөмдүк кылуучу чиркөөнүн (диндин) башчысына  таандык. Ал «тирүү кудай», «кудайдын жердеги элчиси», «биринчи диний кызматкер» ж. б. деп таанылат. Негизги  мыйзам деп «кудайдын буйругу» – ыйык жазуу саналат. Алгач Т. түшүнүгү жана термини б. з. ч. I к. жашаган Иосиф  Флавий тарабынан Иудей падышачылыгынын саясий түзүлүшүнө карата пайдаланылган. Ал жерде биринчи жолу диний  кызматкер башында турган жрецтердин Т-тык бийлиги орнотулган. Орто кылымда Батыш Европада римдик папалар  Папа областынын Т-тык башкаруучулары болуп калышкан да, «христиандык дүйнөнүн» бардыгынын үстүндө Т-ны  орнотууга умтулушкан. Көп кылымдар бою Тибетте башкаруунун Т-тык формасы далай-ламанын колунда болгон.  Өзүнүн эскилигине карабай Т. биздин күндөргө чейин сакталып калган (Ватикан, Иран ж. б.).