ТЕОЛОГИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ

ТЕОЛОГИЯНЫН БАШТАЛЫШЫ же «Теологиянын негиздери», проклдын (5-к.) чыгармасы, теориялык философия б-ча колдонмо; неопозитивизмдин негизги түшүнүктөрүн ж-а методдорунун өзүнчө бир жыйындысы сыяктанган жападан жалгыз эмгек. 211 параграфтан турат, алардын баштапкы 112си неоплатончул философиясынын оппозиция түрүндөгү категорияларына арналган: жеке-көп, келип чыгуучу — чыгаруучу, жөнөө-кайтуу, өзүнө-өзү ээ — өзүнө-өзү ээ эмес, өзүнөн өзү кыймылдаган — башканын таасиринен кыймылдаган, түбөлүктүүлүк ж-а убактылуулук, бүтүн ж-а бөлүк, (жарты) пределдүү-пределсиз, чеги бар- чеги жок чексиз). Бул категориялар болмуштан сырт башталыш — бирдиктүүдөн келип чыккан болмуш иерархиясынын фонунда (акыл-жан-дене) каралат (параграф 20: «Баарынан жогорку дене — жандын маңызы, баарынан жогорку жан — ойлоо табияты, баарынан жогорку субстанция — бирдиктүү»). Калган 99 параграф бул оппозициялардын болмуштан сырт генад-кудайлардын, акылдын (нустун) ж-а жандын сферасын конструкциялоодо кандай функция аткарганын мүнөздөйт. «Теологиянын башталышы» физика м-н этика проблемаларына кирбейт. «Теологиянын башталышы» Псевдо Дионисия Ареопагитанын жазылышына, ал аркылуу бүткүл Орто кылымдын философиясына таасир эткен. Орто кылымдарда ашкере даңазалуу болгон «Себептер туурасында китеп», «Т. б-нын» арабча котормосунун негизинде түзүлгөн латынча компиляция. 12-к-да Т. б. грекчеден латынчага Вильем Мербек тарабынан которулган. Бул котормону «Себептер туурасында китеп» м-н жакшы тааныш болгон Фома Аквинский пайдаланган. Т. б-нын кол жазмаларынын көпчүлүгү 15-16-к-га таандык. Пико дела Мирандолдун белгилүү «Тезистеринде» 55 тезис Т. б-нан алынган. 16-к-дан баштап ар түрдүү авторлор тарабынан Т. б-нын латынчадан грекче, 20-к-да англисче котормолору бир нече ирет басылган. Т. б-нын орусчасы А. Ф. Лосевдин котормосунда «Теологиянын алгач негиздери» («Первоосновы теологии») деген аталышта 1972-ж. жарык көргөн.