ТЕОРИЯ

ТЕОРИЯ (гр. theoreo — изилдейм, карайм) — кең мааниде кандайдыр бир көрүнүштү түшүндүрүүгө багытталган көз караштар, түшүнүктөр ж-а идеялар жыйындысы; тар мааниде болмуштун белгилүү тармагынын мыйзам ченемдүү ж-а олуттуу байланыштары ж-дө жогорку өнүккөн формасы. Т. көп учурда эмприкалык изилдөөлөргө көз каранды болбой математикалык ж-а логикалык формализмдер аркылуу өнүгөт. Анын мындай өз алдынчалыгы — теориялык ой жүгүртүүнүн артыкчылыгы. Бирок теория негизинен эмприкалык изилдөөлөр м-н ажырагыс бирдикте аракеттенет.