ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ПСИХОЛОГИЯ

ТЕРЕҢДЕТИЛГЕН ПСИХОЛОГИЯ — азыркы ар кыл чет элдик психология багыттарынын аталышы; ал өз изилдөөсүнүн предмети кылып адамдын түпкү күчүн, кызыгуусун ж-а тенденциясын алып, аң-сезимдин үстүнөн кайпып өткөн процесстерге каршы коет. Т. П-нын чеги так баамдалбайт: ар түрдүү агымдар м-н мектептерди (Фрейддин, Юнганын, Адлердин, эгопсихология, неофрейдизм ж. б. окууларды) өзүнө камтыйт. Адамдын жүрүм-турумунун мотивин чечмелөөдө Т. п. активдүү динамикалык ролду сезимсиздик мотивизацияларга айрыкча басым жасайт, ал өзүнчө метод м-н изилденет (психоанализ ыкмалары, прожективдүү тестүүлөр, психодрама ыкмалары). Т. п. психотерапиянын керектөөлөрүнөн чыгып, психологиялык факторлорго маани берген медицинанын жаңы тармактарынын өсүшүнө түрткү берген. ТЕРМИН (лат. terminus — чек, чек ара) — илим, искусство, техника же өндүрүшкө тиешелүү атайын бир түшүнүктү так атоо үчүн алынып, көбүнчө бир мааниде колдонулуучу сөз же сөз тизмеги. Алар белгилүү бир технологиялык чегинде гана жашайт. Тилдеги башка сөздөрдөн Т. контекске көз каранды болбогондугу м-н айырмаланат.