ТЕРРОРИЗМ

ТЕРРОРИЗМ (лат. terror – коркунуч) – саясий күрөштүн ыкмасы; саясий жана башка каршылаштарын коркутуу жана  басым көрсөтүү максатында эч нерсе менен чектелбеген, согуштук аракеттер менен байланышпаган зордук-зомбулукту  системалык колдонуудан турат. Т. өзүнө саясий ишмерлерди, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин жана  катардагы граждандарды өлтүрүүнү, жардырууларды, банктарга, курал-жарак складдарына кол салууну, самолетторду ж.  б. айдап кетүүнү камтыйт. Негизинен террористтер – стратегиялык жеңишке эмес өзүлөрүнүн аракеттеринин  психологиялык эффектине үмүт кылышат. Т. мамлекеттик жана оппозициялык, ички жана эл аралык болушу мүмкүн. Тдин багытталышына ылайык азыркы күндө анын негизги түрлөрү болуп төмөн-күлөр эсептелет: коомдук түзүлүштү  туруксуздаштыруу жана өзгөртүү максатында ишке ашырылуучу социалдык Т. (оңчул жана солчул – Италияда, ФРГ,  Түркия, Перу ж. б. өлкөлөр-дө), улуттук көз карандысыздыкка жетишүүнү максат кылган улутчулдук Т. (Ольстердеги  ИРА, бир катар палестиналык топтор ж. б.); диний ураандардын астында жүргүзүүлүүчү Т. (Жакынкы Чыгыштагы  проирандык уюмдар ж. б.). Т-дин бул түрлөрү эч бир жерде таза түрүндө кездешпейт, алар бирине-бири айкалышып,  терең чырмалышкан. Террористтик ишмердүүлүк байыркы замандан бери эле белгилүү. Анын активдештирилиши  экономикада, социалдык структурада, коомдун баалуулук-нормативдик системасында терең өзгөрүү мезгилдерине туш  келет. Социалдык статустун төмөндөшү, келечектен коркуу, адаттагы жүрүм-турумдун маданий-нравалык  тескөөлөрүнүн артка жылуусу калктын кандайдыр бир бөлүгүн ыгы жок импульсивдүү саясий аракеттерге түртөт. Эл  аралык Т. БУУ ж. б. бирикмелер, уюмдар аркылуу дүйнөлүк коомчулук тарабынан айыпталган жана азыркы мезгилдеги  глобалдуу проблемалардын бири болуп эсептелет.