ТЕХНОКРАТИЯ

ТЕХНОКРАТИЯ (гр. techne – чебердик, устаттык, kratos -бийлик) – 1) белгилүү типтеги бийликтин теориялык  концепциясы; 2) бул концепциянын принциптерин практикалык иш жүзөгө ашыруучу, саясий режимдердин  мүнөздөмөсү; 3) башкаруунун жогорку функционерлеринин катарына кирген техникалык адистердин катмары. Т.  концепциясы техника, социалдык өнүгүүдөгү анын ролу жөнүндөгү теориялык элестерди өзүнө камтыйт. Ошондой эле  технологиялык детерминизмдин логикалык аяктаган вариантын көрсөтөт, Т. концепциясында борбордук болуп: билимге,  компетентүүлүккө, профессионализмге негизделген бийлик жөнүндөгү; улуттук техникалык чечим менен саясийчечимдерди алмаштыруу мүмкүнчүлүк жөнүндөгү идея эсептелет. Т. концепциясынын жактоочуларынын ою боюнча  индустриалдык өндүрүштүн зор ролу, окумуштуулардын, инженерлердин, техникалык адистердин санынын, алардын  чеберчилигинин өсүшү жана алардын рационалдык башкарууга умтулуусу жакшыртылган социалдык механизмдин  орнотулушуна реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. «Ошондуктан, – дешет алар, бардык техникалык кызматкерлер  биригип, мамлекетти жалпы саботаж коркунучунун астына коюшса, алардын пайдасына дүйнөлүк революция иш жүзөгө  ашат». 80-ж. башы жаңы техника – компьютерлердин пайда болушу менен жаңы Т-лык идеялардын келип чыгышына  алып келди. Буга байланыштуу технократтык концепциялары «маалыматтык коом», «технотрондук коом», «техносфера-  2” түзүү концепцияларына кайрадан түзүлгөн.