ТИП

ТИП (гр. tupes — изи, формасы, үлгүсү) — 1) форма — маанилүү сапаттык белгилери м-н айырмаланган бир нерсенин түрү: үлгү, тиги же мунун модели; 2) изилденген реалдуулукту типтерге ажыратуунун бирдиги; 3) кандайдыр бир мүнөздүү касиетке ээ адам, адамдардын тобунун чыгаан өкүлү айрым алганда: Катмардын, улуттун, заманынын; (биологияда) — 1) жаныбар системасындагы жакын класстарды бириктирген жогорку таксономиялык категория. Т. терминин 1825-ж. француз илимпозу А. Бленвиль киргизген. Түрдүү Т-тин көлөмү ар башка, мисалы, былпылдактар тиби 5000ге, погонфорлор тиби 100гө жакын түрдү камтыйт. ТКАЧЕВ Петр Никитич (1844-1886) — теоретик, публицист. Т-дун көз караштары 60-жылдардагы революциячыл демократтардын идеяларынын таасири астында калыптанган. Мис., Лавровдон айырмаланып, Т. Россиядагы социалдык философия негизинен ишке ашышы керек деген. Т-дун ою б-ча социалдык революция өлкөдө токтоосуз буржуазиялык мамилелер калыптана электе башталышы керек. Буржуазия калыптанганда гана революциячыл көңтөрүштү көпкө чейин созуп, кечеңдетип коюшу мүмкүн. Т. орус элинен, анын ичинде общиналык дыйканчылыктан “институту” б-ча ж-а “салты” б-ча социалисти көргөн. Т. орус элинин революциячылыгы эскини талкалап “азчылыктын бийлигин жана авторитерин” күч м-н чече алат деген ишенимде болгон. Т-дун негизги эмгектери: “Коомдук өзүн-өзү сактоонун мыйзамы” (1870), “Россиядагы революциялык пропаганданын маселелери” (1874), “Фридрих Энгельс мырзага ачык кат” (1874), “Набат” (1875), “Революция жана мамлекет” (1876) ж. б.