ТЫЛДАГЫ КҮЖҮРМӨН ЭМГЕК

Согуштун башталышында эле Кыргызстандын өнөр жай тармагы согуштук заказдарды аткарууга өткөн. 1941 -ж. июнда эле Фрунзедеги механикалык завод фронттун атайын заказын чыгара баштаган. Андагы жумушчулар өндүрүштүн согуштук түрүн өздөштүрүү менен күндүк нормаларын 200400 пайызга аткарууга, айрымдары эки, үч сменада иштөөгө өтүшкөн.

Кадамжайда стратегиялык мааниси бар сурьма кенин өндүрүү күч алып, андагы жумушчулардын 65 пайызы стахановчулардан болуп калышкан. Кыргызстандын жеңил жана текстиль өнөр жайы бүт бойдон жоокерлерге кийим-кече тигүүгө киришкен.

Республиканын эл чарбасын согуштук багытка которуудагы маанилүү иш эвакуацияланган өнөр жай ишканаларын жайгаштырып, ишке киргизүү болгон. 1941-ж. июлунан декабрга чейин эле өлкөнүн чыгыш райондоруна 2593 өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Алардын 308 Орто Азия менен Казакстанга бөлүнгөн. Кыргызстанга 28 ири ишкана келген.

1942-ж. фашисттик Германиянын чабуулунун күчөшү менен Кыргызстанга дагы 38 ири өнөр жай ишканалары көчүрүлгөн. Аларды жайгаштыруу, жумушчу күчү, чийки

 

зат, энергия, транспорт менен камсыз кылуу боюнча өтө чоң иштер аткарылган. Эвакуацияланган ишканалардын 90 пайызы Чүй өрөөнүнө, 10 пайызы Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарына жайгаштырылган.

Кыргызстанда фронтко жакын жайгашкан райондордон эвакуацияланган калкты жайгаштыруу боюнча өзгөчө чоң иш аракеттер жүргүзүлгөн. 1941-ж. июлунан 1942-ж. январына чейин эле Кыргызстанга 61,8 миңден ашуун адам келген. 1942-ж. аягына чейин дагы 138,9 миң киши эвакуацияланган. Булардын көбү Москва шаарынан, Москва, Ленинград областтарынан, Украина менен Белоруссиядан, алыскы Литвадан, Карель-Фин ССРинен, Курск, Орлов, Тула, Ростов, Воронеж, Сталинград областтарынан, Крымдан, Ставрополь жана Краснодар крайларынан келишкен. Мындан тышкары Кыргызстанга Польшанын 12,9 мин граждандары эмиграцияланган.

Тылдын эмгекчилери согуштун биринчи күндөрүнөн эле жеңиш үчүн өздөрүнүн болгон күчтөрүн аябастан эмгектенүүгө өтүшкөн. Тылда фронттогудай иштөө үчүн Фрунзедеги жаштардын демилгеси менен фронттук бригадалар түзүлгөн. Бул кыймыл республикада кеңири кулач жайган. Фрунзе механикалык заводунун темир устасы М. Чернышев сменалык нормасын 1171 пайызга аткарууга жетишкен. Көп өтпөй Ж. Мамбетов нормасын 1197 пайызга аткарат. Ошентип, республикада миңчилердин кыймылы башталган.

Согушка байланыштуу токтоп калган Чоң Чүй Каналын казуу иши 1942-ж. майда кайра башталып, анда эмгектенген карапайым эл согуш жылдары каналдын 80 кмаралыгын бүтүрүшүп, 450 миң кубометр топуракты казып чыгарышкан.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстанда 36 ири өнөр жай ишканалары ишке киришип, жаңы тармактар пайда болгон. Жумушчулардын саны согуш мезгилинде 36 миңден 46 миңге өскөн. Кыргызстандын эл чарбасында өнөр жайынын үлүшү 1940-ж. 50,2 пайыздан, 1945-ж. пайызга өскөн.

Согуш жылдарында согуштук-чарбалык жүктөрдү ташууда транспорт маанилүү иштерди аткарган. 1943-ж. октябрдан баштап Кант-Рыбачье темир жолу курула баштаган.

Согуштун башталышында өнөр жайы гана эмес өлкөнүн айыл чарбасы да чоң кыйроого учурады. Душман өлкөнүн эгин өндүргөн аянттарынын 38, кант кызылчасы эгилген жерлердин 84 пайызын, бодо малдын 38, чочконун 60 пайызын басып алган. Айыл чарбасында иштеген тракторлор, ат күчү фронтко алынган. Айыл-кыштактардагы эр бүлөлөрдүн көбү фронтко аттанган. 1942-ж. республиканын айыл чарбасында эмгектенген эркектер 51 пайызга азайган. Айыл чарбасынын түйшүгү бүт бойдон аялдардын, балдардын, кары-картаңдардын моюнуна жүктөлгөн. Алар күндүр-түндүр фронт үчүн эмгектенишкен. Республиканын даярдоочу пункуттарында «Эгиндин ар бир тоннасы фашисттердин лагерине ташталган снаряд!» деген девиз менен эгин тынымсыз даярдалып турган. 1941-ж. республикада 203,6 мин т. эгин топтолгон. Бул 1940-ж. салыштырмалуу алда канча көптүк кылган.

Айыл чарбасынын эмгекчилери болуп көрбөгөндөй күжүрмөндүүлүктү көрсөтүшкөн. Чарба жумуштарын аткарууда норманы ашык аткаруу салтка айланган. Техниканын жетишсиздигинен көп жумуштар кол менен бүтүрүлгөн. Техникалык өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алууда Сокулук районунун «Кызыл Аскер» колхозунун Керимбүбү Шопокова жетектеген звеносу айырмаланган. 1942-ж. алар пландагы 210 ц ордуна, ар гектардан 684 ц кант кызылчасын өстүрүшкөн. Чүй районунун «Кайырма» колхозунан А. Жолдошбаеванын звеносу гектарынан 565 ц кызылча өстүргөн. Ош областынын Нариманов атындагы колхозу пахтанын гектарынан 23,3 ц түшүм алган. Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Сталин атындагы колхоздун И. Исмаилова жетектеген звеносу пахтанын ар гектарынын түшүмдүүлүгүн 35 ц жеткирген.

Дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн күрөш согуштун кийинки жылдары да күчөгөн. Бул багытта кызылчачылар 3. Кайназарова, Ш. Тезекбаева, пахтачылардан Ө. Атабекова, X. Таширов ж. б. өзгөчө айырмаланышкан.

Кыргызстандын айыл эмгекчилери оор кыйынчылыктарга карабастан фронттогу жоокерлерди азык-түлүк менен, өнөр жайды чийки зат менен камсыз кылууда зор кайраттуулукту көрсөтүшкөи.

Кыргызстандын тылдагы эмгекчилери фронтко өнөр жайдагы, талаалардагы, мал чарба фермаларындагы кайратман эмгектери менен гана жардам бербестен жеке каражаттары аркылуу да жардам көрсөтүшкөн. Өздөрү материалдык жактан кыйынчылыкта жашап жаткандарына карабастан карапайым калк фронт үчүн өздөрү чогулткан байлыктарын, эмгек акысынын бир бөлүгүн, баалуу буюмдарын, алтын, күмуш жасалгаларын, тамак-аш продукцияларын жөнөтүшкөн.

Элдин ушул өңдүү демилгесин колдоо үчүн Фрунзедеги СССР Мамлекеттик банкында № 14-эсеп ачылган. 1941-ж. августта эле бул эсепке элден 2007 мин, сентябрда 1670 мин, октябрда — 1579 миң сом түшкөн. Жылдын аягында фондуга 9090 мин сом, 38,9 кг алтын жана күмүш, 16117 миң сом мамлекеттик заёмдуноблигациясы, 11862 ц эгин, 2479 ц эт, 1798 кг май түшкөн. Кыш мезгилинин келиши менен фронтко жылуу кийим жөнөтүү демилгеси күч алган.

1941-ж. октябрь-ноябрда Фрунзе областынын Сталин атындагы колхозунун мүчөлөрү «Күнөстүү Кыргызстан» деген истребителдердин эскадронун түзүү үчүн каражат чогултуу демилгеси менен чыккан. Бул демилге күчтүү колдоого ээ болгон.

1941-ж. ноябрда Фрунзедеги эт комбинатынын жаштары «Кыргызстан комсомолу» аттуу танк колоннасын түзүү үчүн каражат чогултууну башташкан. Согуш мезгилинде Кыргызстандын эли азык-түлүк, кийим-кече ж. б. жардамдарды эсептебегенде 93 танк же 186 согуштук самолет жасаганга жеткидей акча каражатын чогулткан. Бул каражатка түзүлгөн «Советтик Кыргызстан” аттуу танк колоннасы 1942-ж. ноябрынан немецтик баскынчыларга сокку ура баштаган.

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кыргызстандын эли коргоо фондусуна 189 млн сом чогултуп жөнөткөн, млн мамлекеттик заёмдун облигацияларын сатып алышкан. Кыргызстандан фронтко 195 вагон азык-түлүк, 550 мин жылуу кийим, 38 миңден ашуун жекече посылкалар жөнөтүлгөн.

Блокадада калган Ленинград шаарына кыргыз эли 1942-1943 жж. 100 вагондон ашык азык-түлүк жөнөткөн. Республиканын колхоздору менен совхоздору коргоо фондусуна пландан тышкары 4,5 млн пуд эгин, 500 миң пуд эт өткөрүшкөн.

Кыргызстандын эмгекчилери фашисттик баскынчылардан бошотулган элдерге да көмөк көрсөткөн. Алар үчүн республиканын колхоздору менен совхоздору 130 мин баш бодо мал, кой жана эчкилерди акысыз жөнөтүшкөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор