ТЫНЫБЕК ЖАПЫЙ УУЛУ

ТЫНЫБЕК Жапый уулу (1846, Жетөгүз району  – 1902) – манасчы. Тыныбектин  өмүр жолу жөнүндө  так, кеңири маалыматтар аз. Манасчынын  өз небереси Актан Тыныбек уулу ар кимден уккан эскерүүлөрүнүн негизинде 1938-ж. жазып тапшырган кол жазма азыр негизги маалымат катары эсептелип жүрөт.

Тыныбектин чыгармачылыгын  белгилегенде анын акындыгы өз кезегинде таланттуу манасчы Чоңбаштын таасиринде болгондугу талашсыз. Тыныбек белгилүү манасчылар Балык, Келдибек, Назардын айтуусундагы жомокту да уккан. Айрым манасчыларга өзүнүн каалоолорун айткан учурлары да болуптур. Манасчылар Акылбек менен Дыйканбайга «Манас» айттырып көрүп, «Дыйканбайды сен, балам жорго айт, Акылбек сен жыйылган топко, калың элге айт», – деп айткан экен. Анын айтуусуна караганда жогоруда аталган манасчылардын ичинен Чоңбаштын таланты жогору бааланып андан  өтөрү  болгон эмес экен.

Тыныбек  өз тукумунан  өзүнүн жолун улантуучу манасчы калса экен деген тилекте болгон. Ал  өлөр алдында баласы Сооронбай менен жээни Байбагышты ырдатып көрүп: «балам Сооронбай, сен көп арбыта албайт экенсиң, Байбагыш болсо дурус жомокчу болуп калган экен», – деп ыраазы болот.

Айрым адамдардын өз демилгелерин эске албаганда, революцияга чейин элдик оозеки чыгармачылыкты кагаз бетине түшүрүп, чогултуп алууга атайы көңүл бурулбагандыктан, даңазалуу жомокчу Тыныбектен «Манасын» жазып алуу иши да тиешелүү деңгээлде колго алынбаган. Болгону «Семетей» бөлүмүнөн кичинекей бир эпизод жазылып калтырылган. Анын жазылыш тарыхы Тыныбектин  өзүнүн эскерүүсүндө  мындайча болгон:  «1898-ж. Нарын участковою «Манас», «Семетейди» жазып бергин деп буйрук кылган.

Жазуу учурунда айтуучу эл алдында айтканындай кенен эмес, кыскартып чолуп жаздырган (Тыныбек кийин бул жөнүндө  өзү эскерген), басуу учурунда мурунку жазылган тексттин кээ бир барактары жоголуп кетиши (басылып чыккан китепте жоголуп кеткен беттер атайы көрсөтүлгөн) сыяктуу кемчилигине карабастан, бул  үзүндү  Тыныбектин чоң  манасчылык дараметинен аздыр-көптүр кабар берет. Ырас, Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү эл ичинде кеңири белгилүү болуп, анын сюжети өтө такталып, туруктуу бир канонго түшкөндүктөн, Тыныбектен жазылып алынган үзүндү да сюжети жагынан башка варианттардан анча айырмаланбайт, ар бир мотивине чейин окшош. Бирок, ошол баарыга белгилүү окуяны көркөм бере билүү жагынан өзгөчөлүгү, чеберчилиги байкалбай койбойт.

Манасчы каармандардын сырткы сын-сыпатын, келбетин табияттагы күчтүү, сүрдүү, шаңдуу көрүнүштөргө, жаныбарларга, буюмдарга салыштыруу менен элдик баатырдын монументалдуу элесин  –  идеалдуу портретин жараткан.

Ырас, сүрөттөөнү  ушул эле түрүндө  же түрдүү  вариацияда манасчылардын кийинки  өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнөн жолуктурууга болот. Алардын көпчүлүгү  Тыныбектин шакирттери болгон, демек бул сүрөттөөлөр аларга Тыныбектен оошкон деп айтышка негиз бар. Тыныбек анын айрым саптарын өзү жаратса, айрымдарын өзүнөн мурунку улуу манасчылардан кабыл алуу менен кийинки муундарга  өткөргөн. Тыныбек Семетейди гана эмес, «Манастагы» ар бир негизги каарманга жекече мүнөздөмө берип, жекече портретин жаратканын, анын түшүндө  уккан «Манасы» катары эсептелген материал да ырастайт. Бул материал боюнча Тыныбектин түшүнө кирген Күлчоро: Манас, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак, Семетейдин ар бирин көрсөтүп, алардын өз-өзүнчө сын-сыпатын айтып берет:

 Тыныбектин төкмөлүк өнөрү да өнүккөнүн өлөр алдында өзү айтып жүргөн манасы менен коштошкон төмөнкү ыры буга күбө:

Ырдасам элим кубанган,

Даңкымды элге чыгарган,

Ырыскы болуп мен үчүн,

Дөөлөткө сыймык улаган.

Казандаган калың журт

Кануучу беле кумардан.

Баатырдын атын укканда,

Барлык эл сүйүп чакырган.

Тарыхы сөзүн угууга

Далайлар киши чаптырган.

Таштабай айттым сөзүңдү

Өзүмө-өзүң тапшырган.

Тагдырга жакын болгон бейм,

Танып барам акылдан.

Кыргызга нускам калбады

Кыраан Манас баатырдан,

Арманым ушул калайык

Арбактуу эрди таштабай

Айтса экен элим артымдан

Тыныбек каза болгон күнү  ай тутулган. Улуу  манасчынын талантын жогору баалап, ыйык туткан эл бул кубулушту анын өлүмү менен байланыштырып, табияттын да аза күтүүсү катары аңыз сөз кылышкан. Тыныбек «Манасты» көпкө  айтпай калган учурларында буулугуп кетчү  экен. Ал эми аны аткарган учурда,  өзү  эпикалык каармандардын арасында жүргөндөй болуп, түрдүү  окуяларды элестеп кетем дечү  экен. Бул анын чыг-лык шыгынын канчалык күчтүүлүгүн, поэтикалык дүйнөсүнүн кеңирилигинен кабар берет

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ