ТҮГӨЛБАЙ СЫДЫКБЕКОВДУН «КӨК АСАБА» ТАРЫХЫЙ РОМАНЫ

«КӨК АСАБА” – тарыхый роман. Орто кылымдардын башындагы (6–8-к.). Енисей кыргыздарынын турмушун, сырткы баскынчылардын кол салуусуна каршы туруп, эпостун биримдигин жана  өз алдынчалыгын сактап калуу үчүн жүргүзгөн күрөшүн эпикалык ыкмада көркөм чагылдырган чыгарма. 1971-ж. жазылып бүткөн, бирок көп жылдар боюу жарык көрбөй, 1989-ж. маалымдуулук учурунда гана басылып чыккан. Кыргыз элинин орто кылымдардагы тарыхы боюнча  маалыматтар өтө аз экендигин гана илимпоз тарыхчылар арасында ал мезгил боюнча  карама-каршы пикирлер бар экендиги белгилүү. Ошол себептен Т. Сыдыкбеков чыгарманы жаратууга ил. булактардан сырткары элдин оозеки чыгармаларга жана санжырачыларга кайрылган. «Көк асаба” үч бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм бүт бойдон Эр-Киши менен Жаш Тегиндин саякатына арналган. Бул жөнөкөй саякат эмес, бир эле учурда мезгил жана  мейкиндик аркылуу жол жүрүү  сыяктуу.

Анткени бул жүрүш Жаш Тегинге турмушту жана  тарыхты таанытуу максатын көздөгөн. Экинчи бөлүмүндө  элдин турмуш-тиричилиги, каада-салты сүрөттөлгөн. Эзелки замандагы эл турмушунун рухун ачып көрсөтүү  үчүн жазуучу тарыхый ретроспективаларды колдонгон. Ал эми  үчүнчү  бөлүм  –  согуштун эпизод. Анда түздөн-түз эки аскердин кагылышы, кол башчылар Элтерес менен Эр-Кишинин аскердик тактикасы көрсөтүлөт. Автордун сүрөттөөсүндө Адылтай ажонун башкы максаты-кыргыз урууларын бириктирүү, Көк асабанын алдында баш коштуруп, жеңилбес күчкө айландыруу. Чыгармада прозачы кыргыз элинин эзелин замандагы турмуш-тиричилигин, салт-санаасын, жеңишин жана  жеңилүүсүн, кубанычын жана  трагедиясын, айтор мезгил бүктөмүндө калып кеткен, айрым бир бүдөмүк элестери элдин оозеки чыгармаларды гана сакталып келаткан, буга чейин көркөм сөз чеберлеринин эч кимисинин колу тие элек. Алыскы доордун реалдуу элестерин жаратуу үчүн Т. Сыдыкбеков бирге жазма эстеликтери аркылуу жеткен адам аттары жана  уруу аталыштары, аскердик титулдар жана  курал-жарак, ырым-жырым жана  реликвиялар сыяктуу этнографиялык элементтерди чыгармага киргизген. Бул  өңдөгөн атрибуттар кайсы бир даражада чыгармага архаикалык мезгилдин колоритин киргизбей койгон эмес. Ошону менен бирге, автор тарабынан «тарыхый роман” катары аныктама берилген бул чыгарманын жанры боюнча  адабиятчылар арасында түрдүү  көз караштар бар. Алардын айрымдары реалисттик тарыхый роман  үчүн чыгармада тарыхый этнографиялык атрибуттар болушу гана жетишсиз, эң башкысы анда сүрөттөлгөн доордогу тарыхый дух, атмосфера чагылышы шарт деп эсептелип, «Көк асаба” чыгармасын тарыхый дастан жанрына таандык кылышат.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ