ТҮРКСТАН РОССИЯНЫН КОЛОНИЯЛЫК ОБЪЕКТИСИ КАТАРЫНДА (XIX к. ортосу)

Россиянын Борбордук Азияга умтулушунун экономикалык жана саясий себептери болгон. XIX к. 30-60-жж. эл аралык кырдаал боюнча Россия Түркстанга ээ болууга биринчи кезекте саясий себептерге байланыштуу аракеттенген. Анткени Чыгыштын коңшу мамлекеттери менен Британия империясы Түркстанды, анын ичинде Кыргызстанды, басып алууга аракеттене баштаган. Түркстандын саясий стратегиялык маанисин түшүнгөн Россия айрым мамлекеттердин, өзгөчө Британиянын мындай аракетин чектөө үчүн бул регионду тезирээк колго алууга умтулган. Ошол кезде Россия үчүн Түркстан менен соода жүргүзүү анчалык деле пайдалуу эмес болчу. Анткени XIX к. аягына чейин эле Түркстанга товар алып келүүгө караганда, Россияга товар сатуу басымдуулук кылып турган. Демек, орус падышачылыгы Түркстанга, адегенде саясий факторлор менен умтулган. Түркстан Россияны товарларды сатып алуучу жана өнөр жайына керектүү чийки заттарды берүүчү чөлкөм катары экинчи кезекте кызыктырган.

Россиянын орто кылымдарда эле башталган чет-жакаларга жылуусу улам каратылып алынгак чөлкөмдөргө чептерди куруу менен акырындап бекемделе берген. Чыгышка жылуунун натыйжасында XVIII к. аягында Оренбург жана Сибирь тилкелери калыптанган. Казак талааларында оруска тиешелүү тилкелер пайда болуп, чептер курула баштаган.

Россия бийлиги XIX к. 30-жж. Сыр-Дарыя менен Чүй дарыяларынын ортосун ээлөө үчүн Жети-Сууну каратуунун алгачкы пландарын иштеп чыккан. Планда Жети-Сууну каратып алуунун саясий, экономикалык мааниси айтылып, эгер мьшдай аракет ишке ашса, Россия Индияга чейин ийгиликтүү жүрүш жасай алат деген идеялар бар эле. Орус өкмөтү Борбордук Азияга жылуу саясатына өтө кылдат маыиле кылууга аракеттенген. Анткени Бвразия континентиндеги «чыгыш маселеси» деп аталган эл аралык татаал маселеде Англия менен Россиянын кызыкчылыктары тирешип турган. Россиянын Сибирь, Казакстандын талаалары аркылуу улам төмөндөп түшүп келе жатышы Англияны өтө тынчсыздандырган. Ал Афганстанга жана Борбордук Азияга карата колониялык экспансиясын активдештирүү максатында, өзүнүн агенттерин жиберип, ошол эле учурда Түштүк Кавказ аркылуу өз товарларын Түркстанга жөнөте баштайт. Тез арада эле соода конкуренциясында Англиянын ийгилиги айкын көрүнүп, Россия чыгыш рынокторун биринен сала бирин жогото баштаган.

1846-ж. Россия казактардын Улуу Жүзүн өз букаралыгына каратып алууга жетишет. 1847-ж. Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында орустардын үч чеби, Жети-Сууда Копал чеби (азыркы Талды-Коргон шаары) тургузулган. Бул орускокон мамилесин курчуткан. Кокон хандыгынын ошол кездеги миңбашысы Мусулманкул казак урууларына кысым жасоону күчөтүүгө буйрук кылып, Россия менен мамилесин таптакыр үзгөн.

Эми орус бийлиги акырындык менен Россия менен Кашкардын ортосундагы соода жолун тосуп турган Түндүк Кыргызстан чөлкөмүн көздөй жылууну көздөгөн. Орус төбөлдөрүнүн Коконго каршы аракетинин натыйжасында 1853-ж. Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы кокон чеби Ак-Мечит каратылган. 1854-ж. болсо Алматы суусунун жээгинде Верный чыңдоосу (азыркы Алматы шаары) курулган. Ал жерде аскер гарнизону жайгашып Улуу Жүзгө көзөмөлдүк кылуучу пристав турган. Бул чеп Кокондун Казакстанга кетүүчү жолун тосуп калган.

Англиянын Борбордук Азиядагы таасирин басаңдатуунун жолдорун издөө үчүн Россия 1858-ж. Борбордук Азияга үч миссия жөнөткөн: Н. В. Ханыковдун Герат менен Чыгыш Иранга болгон илимий экспедициясы; Н. П. Игнатьевдин Хива жана Бухарага жүргүзгөн дипломатиялык миссиясы; Ч. Ч. Валихановдун Кашкарга болгон чалгыны. Бул экспедициялар орус өкмөтү үчүн Борбордук Азия мамлекеттеринин эли, алардын тарыхы, каада-салты, маданияты жөнүндө кеңирн материалдарды топтоп, орус колонизациясынын кийинки жылдардагы жүрүштөрүнө табылгыс маалымат болуп берген. Ошону менен катар Англиянын Түркстанды басып алуусунун кеңири пландары бар экендиги да аныкталган.

1863-ж. декабрда падыша Александр II Россиявын Түркстакда активдүү акцияларга өтүшүнө макулдук берет. Ошентип 1864-ж, баштап Россиянын Түркстанды каратууда пассивдүүлүктөн активдүү согуштук аракеттерге өтүшү башталган.

Түркстандын орус колониализминин объектиси катары каралышында Россиядагы крепостнойлук укуктун жоюлушунан улам пайда болгон себептер да маанилүү роль ойногон. Анткени, 1861-ж. реформа боюнча жерсиз калган дыйкандардын нааразычылыктары кескин түрдө жогорулай баштаган. Дыйкандарды Россиянын борбордук губернияларынан көчүрүү, Түркстанда падышачылыктын таянычы болгон орус дыйкандарынын бай катмарларын түзүү керек эле.

Түркстандын Россияга каратылышы менен Казакстан жана Кыргызстан аркылуу Индия, Кытай, Афганстан менен соода байланыштарын жүргүзүү үчүн орустарга жол ачылмак.

Ошентип, Түркстан орус колонизминин объектиси катары бир катар саясий мотивдер үстөмдүк кылган саясий-экономикалык себептердин түйуну катары XIX к. 30-60-жж. даярдалган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор