ТҮРК КАГАНДЫГЫ

I миң жылдыктын экинчи жарымы — Түштүк Сибирде, Казакстанда, Орто Азия жана Борбордук Азнянын чек арасында алгачкы түзүлгөн байыркы феодалдык түрк мамлекеттеринин түзүлүшүнө жана өнүгүшүнө таандык. Ошондуктан бул мезгил байыркы түрк доору деп аталат. Ушул доордо бул аймактарда алгачкы феодалдык мамилелер түзүлө баштайт.

VI . орто ченинде Борбордук Азияда Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү роль ойлогон биринчи түрк мамлекети түзүлгөн. Бул Түрк кагандыгы эле, ал эки кылымча (552— 744-жж.) жашаган.

«Түрк» деген этноним (кытайларда «туцзие» деп аталат) кытай летописинде биринчи жолу 546-ж. эскерилген болчу. Согдулар, персилер жана византиялыктар жацы талаа багынтуучуларын «түркүт» деп аташкан. Бул сөз элдин өз аты, руна сымал текст боюнча алганда «тирүү», «тур», «түбөлүктүү», «күчтүү*, «бекем» дегенди билдирип, этностук мааниге караганда социалдык маанини көбүрөөк түшүндүргөн. «Түрк» дешип алды менен аскердик аристократиянын өкүлдөрүн гана аташкан. Акырьгадап отуруп бул ат башында аристократия турган урууга гана эмес, ага баш ийген көптөгөн тектеш элге да өткөн.

Түрк уруусу 1У-У кк. Борбордук Азия хунндарынын чөйрөсүндө түзүлгөн. Алар өздөрүнүн ата-бабалары дешип мифте айтылган карышкыр уулу Ашинаны эсептешет. V к. орто чеяинде түрктөр жуан-жуандык (авардык) кагандыкка баш ийишкен. Жуан-жуандык кагандык болсо ал учурда Борбордук Азияда үстөмдүк кылышып, Алтайга отурукташкан. Өзүнүн күчүнө жана атчан аскерлерине таянган түрктөрдүн башчысы Ёумын 546-ж. бүтүндөй Жунгарияны ээлеп турган жер жайнаган теле элин (тегрег) талкалап, анын жерин өз жерине кошуп алган. Ошоядон тартып түрктөр салык төлөөдөн кутулуп, Борбордук Азияда үстөмдүк кылуу үчүн жуан-жуандардын атаандаштарьгна айланышкан.

Кармашууга шылтоо таппай турган карт Бумын жуанжуандардын каганы Анахуанга (520-552-жж.) кызын мага аялдыкка берсин деп тийиштик кылган. Өз данкына жана күчкубатына эсирген Анахуая түрктөрдүн күчкө толуп турганын андабай, каардана жинденип Бумынды кемсинте, мазактал, анын суроосун четке каккан. Түрктөрдүн башчысына ушул эле керек болчу. Согуштун чыгышына мындан артык себептин кереги жок эле. 552-ж. түрктөр жуан-жуандарга кол салышып, аларга баш көтөргүс сокку урушкан. Күтүүсүздөн женилген Анахуан өзүн-өзү өлтүргөн.

Жеңишке жеткен Бумыя жуан-жуандык мамлекет башчысынын «шшг каган» деген титулун алган. Ошентип, Борбордук Азияда Улуу Түрк кагандыгы (552-603-жж.) түзүлгөн. Каган өз ордосун Орхояго (Түндүк Монголияга) көчүргөн, ал жер бара-бара жаны мамлекеттин административдик саясий борборуна айланган. 553-ж. Ашиндердаш улуу түрк династиясынын негиздөечү илиг каган Бумын дүйнөдөн кайткан.

Талаа элдеринин салтына ылайык бийлик Бумындын иниси Истеминин колуна өткөн. Ал өз агасы өлгөнгө чейин эле Жети-Сууну, Борбордук жана Батыш Теңир-Тоону жердеген он ок уруусун (он жебе элин) өз ээлигине кошуп алган.

563жана 567-жж. эфталиттерге Ирандын аскерлери батыштан, түрк атчан аскерлери түндүктөв кол салышып, аларды талкалашат. Аму-Дарыясы жеңүүчүлөрдүн чек арасы болуп калат. Орто Азиялыктардын жери менен кошо он ууру каганы Йстеми эфталиттердин тактан түшүрүлгөн падышасынын титулун да алат. Кагандын убактылуу ордосу ТенирТоого жайгашкан, бул жерден бардык жактарга соода кербендерин, элчилерди жөнөтүп турууга ыңгайлуу эле. Эфталиттерди талкалагандан кийин эле Иран менен Түрк кагандыгынын ортосунда чыр чыгат.

Ирандын талкаланышына түрктөргө караганда согду соодагерлери көбүрөөк кызыгышкан. Согдулардын башчысы Маниах Истеми каганга Ирандын баштатан жоолашып келе жаткан душманы Византия менен союздашууга сунуш кийирди. Теңир-Тоого агганып жолго чыккан Маниах баштаган түрктөрдүн элчиси Иран жергесин Каспий деңизинин бою жана Кавказ аркылуу айланып өтүп, 568-ж. Константинополго келген. Император Юстиниан II элчилерди жакшы ниет менен кабыл алган. Шериктештик түзүлүп, түрктөрдүн аскерлери Ирандын чек арасына киришти. Андан аркы окуялар китептерде чаташтырылып берилет. Түрктөр Ирандын провиндиясы Журжанды басып алышат. Бирок түрктөрдүн аракети батыш жактан византиялыктар тарабынан колдоого алынган жок. Ирандын шахы Хосров эки тарап менен согушуудан чочулап, Истеми менен союздаш болууга шашылды. Бирок, 571-ж. союздашуунун шарты боюнча Иран мурда эфталиттерге төлөп турган салыкты эми түрктөргө төлөөгө макул болду. Ажырымдашуунун башкы себеби болгон жибек менен соода кылуу жөнүндөгү маселе да жоюлган. Түрктөр менен тынчтык келишиминин түзүлүшү Ирандын Византияга жана Месопотамияга бир катар кыйратуучу сокку уруусуна мүмкүндүк берген. Иранды жеңип алгаядан кийин батыш түрктөрү Грецияга болгон кызыгууларын биротоло жоготушкан. 575-ж. эл арасында кадыр-баркы жогору болгон Истеми каган дүйнөдөн өтөт.

Константинополдун келишимди кайра калыбына келтирүугө жасаган бир нече жолку аракеттеринен эч кандай майнап чыккан жок. 576-ж. түрктөрдүн башкаруучусу Түрксанф Кара деңизди бойлой жайгашкан Византияга кол салып, Боспорду каратып алат. 580-ж. түрктөр Крымды басып киришип, Херсонести курчап алышкан. Натыйжада борбору мурдагысындай эле Теңир-Тоодо жайгашкан Түрк кагандыгы евроазнялык кубаттуу өлкөгв айланган.

Ошентип, өздөрүнүн тышкы саясатында кайраттуу Истеми башында турган түрктөр чоң ийгиликтерге жетишкен. Бирок ийгиликтерди бекемдеп калууга мүмкүндүк болгон жок, анткени кагандыктын өзүндө ич ара ыйкы-тыйкы күчөп, бийлик үчүн узакка созулган кармашуу башталган. Түрк кагандыгын Таспар (572-581-жж.) кыңк эттирбей башкарып турган. Ал өлгөн соң Кагандыктын тактысын төрт талапкер талашып, бири-бири менен айыгышкан күрөшкө чыгышат да, бир туугандардын кандары төгүлөт. Бул согуш төрт талапкердин үчөөсү өлгөндөн кийин гана басылат. Алардын арасынан Истеминин тирүү калган мурасчысы Тарду Боке каган батышта 587-ж. түрк падышасынын тактысына отурган. А бирок бийлик үчүн күрөш аныи такка отурушу менен эле бүтүп калган жок.

Уруулар ортосундагы кандуу кармашуу Түрк кагандыгын алсыратып, анын тышкы саясатын кескин түрдө басандатьш жиберген. Бул мезгилдин ичинде түрктөргө оор салык төлөп келишкен бытыранды Кытай Суй династиясына (581-618-жж.) баш кошуп, биригип алган эле. Экинчи бир салык төлөгөн өлкө Иран 588-ж. Гераттын алдында түрктөргө оор сокку урду. 590-ж. болсо Византия түрктөрдөн Боспорду бошотуп алган.

Тарду Боке каган өлгөндөн кийин 603-ж. түрк мамлекети Чыгыш жана Батыш кагандыктары болуп экиге бөлүнүп кеткен.

Кыргызстандын мындан ары тарыхы Батыш Түрк кагандыгы менен байланыштуу.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор