ТҮШ КӨРҮҮ

ТҮШ КӨРҮҮ — көзгө элестөөлөр ж-а баштан өткөргөн субъективдүү көрүнүштөр м-н коштолуучу түш көрүү учурундагы дайыма боло бере турган кадыресе психикалык процесс. Психиканы ж-а организмди турукташтыруу Т. к-нүн негизги кызматы болуп саналат. Адамдын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары Т. к. адамзат тарыхында узак убакыттар бою өзүнө көңүл бурдуруп ж-а фольклордо, мифологияда, динде, философияда, илимде, ж. б. ар түрдүү түшүндүрүлүп келген. Көптөгөн ырым-жырым, ишенимдердин жаралышына себеп болуп, кээде ар кандай акылга сыйбаган нерселер м-н түшүндүрүлгөн. 20-к-да Т. к. ар кандай психологиялык, физиологиялык ж-а философиялык, диний окууларда илимий иликтөөлөрдү, теориялык «кызыл кулактыкты» пайда кылды. Алсак, Фрейддин ою боюнча, Т. к. каалоо-тилекти ишке ашыруунун өзгөчө жолу, ар бир Т. к. — психоаналитикалык жактан чечмелөөгө мүмкүн болгон ж-а адам психикасындагы аң-сезимсиз процесстерди таанып-билүүгө жардам берүүчү мааниге ж-а символикага (дээрлик сексуалдык мүнөздө) ээ. Фромдун ою боюнча, Т. к. түш мезгилиндеги акыл ишмердиги. Азыркы маалыматтарга ылайык, түш көрбөө же анын начар болушу нерв оорусуна, же башка психикалык бузулууларга алып келет. Көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыз элинде да түш жоруунун калыптанган мазмундары бар.