УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА

УБАКТЫЛУУ ЛОГИКА (Временная логика) — чыныгы мааниси убакыттын тигил же бул белгилүү кырдаалында (аралыгында) объектин жашоосунун байланышын көрсөткөн, айтылган пикирлердин операцияларын изилдөөлөрдө формалдуу-логикалык эсептөөлөрдө колдонулуучу математикалык логиканын багыттарынын бири: чыныгы мааниси убакыттын параметринен көз каранды болгон пикирлерди «убактылуу» пикирлер деп аташат. Убактылуу логиканын пайда болушун 20-к-дын 40-жылдарына таандык деп эсептешет. Себеби Дж. Н. Финдлей «Убакыт: кээ бир табышмактарды карап чыгуу» (1941) аттуу макаласын жарыялайт. Бирок, Э. Ф. Караваевдин айтуусунда Финдлей көптөгөн идеяларын жаратуусунда англис идеалист философу Дж. Э. Мак-Таггартка милдеттүү. Кийин убактылуу логиканын маселелерин Дж. Смарт, П. Т. Гич, Б. Матес, Г. Рейхенбах, Н. Ресчер, Дж. Гарсон ж. б изилдешкен. У. л. модалдык логика м-н байланыштуу. У. л. иштеп чыгуулары деонтикалык логиканын өнүгүүсүнө жакшы таасир тийгизген. У. л. кээ бир бөлүмдөрү кибернетикада колдонулат.