УБАКЫТ

УБАКЫТ (Время) — бири-бирин алмаштырып турган (дүйнөдөгү кыйроо, талкалануу, жаралуу, орноо, өнүгүү ж. б.) объектилерди координациялоо формасы. Асман телолорунун жолунун бөлүгү м-н өлчөнгөн объективдүү убакытты, убакытты баамдоого негизделген, субъективдүү убакыттан айырмалоо керек. Убакыт кайталанбайт: бардык процесстер, жаратылыштын кубулуштары бир абалда бир жолу гана болот. Августин м-н Лейбниц айтып кеткендей, У. өткөндөрдү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун жолу. Ошондуктан убакытты адамдын болмушунун шексиз өбөлгөсү катары кароо зарыл. Азыркы физика объективдүү убакытты танып, анын ордуна төрт өлчөмдүү (ченемдүү) континуумдун

координатын коюшат. «Тарыхый убакыт» деп аталган заман өзүнө болжол м-н алты миң жылды, тарыхка чейинки убакыт — бир нече жүз миң жылдыктарды, геологиялык убакыт — бир нече миллиард жылдарды камтыйт, космостук убакыт — чексиз. Эгер адам болжол м-н Жерде 550 миң жыл жашайт деп, 550 миң жылды бир суткага барабарласак, анда 6 миң жылдык дүйнөлүк тарых 24 сааттын акыркы 16 мүнөтүн түзөт.