УЗ, УЗЧУЛУК

«Карасам тиктеп алыстан,
Калпагы окшош тоосуна.
Кандай уз тикти болду экен,
Карегим түштү коозуна» (Байдылда).

Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук сактап кармагандар кирет. Ал кооздолуучу буюм-кечеге аздыр көптүр жаңылыктарды жана толуктоолорду киргизүү менен чебер-аткаруучуларга (шакирттерине) насаатчылык кылат. «Оңунан келген иш эле, Оймоктуудан уз эле» («Манас») деп айтылат.

УЗЧУЛУК — көбүнчө кыз-келиндерибиздин жумшак нерселерди кармоодогу көркөм чеберчилиги. Аларга: оймокчулук, саймачылык, түймөчүлүк, чырмачылык, бычмачылык-тикмечилик, эшмечилик, токуучулук, өрмөкчүлүк өңдүүлөр кирет. Көркөмдүк адамдын бир гана тышкы келбетине же кийимге, таарга, териге кездемеге эле эмес, буюмга да, үй жасалгаларына да тиешелүү касиет. Натыйжада, ар бир адам көркөмдүктү түрдүүчө кабыл алып, ирээттүү жашоого дилгирленет. Элибиздин үрп-адатын, салт-санаасын чагылдырган не бир сонун кооздуктарды жаратууда эзелтен чеберлерибиз карек отун чачыратып келген.