УКУК КОРГОО ЖАНА АЛ ҮЧҮН КҮРӨШҮҮ

Укук коргоо иши негизинен мамлекет тарабынан түзүлгөн укук коргоо органдары жана сот органдары тарабынан жүзөгө ашырыларын мурдагы сабактарда өткөнбүз. Азыр болсо бул ишти жарандар тарабынан жүргүзүүнүн кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин карап көрөлү.

Укук бузууларды жоюуга жана укук бузгандарды кармап, тиешелүү жазасын берип, мыйзамдуулукту камсыз кылууга атайын органдардын аракеттери жетишсиздик кылат. Ошондуктан, ар бир жаран коомго жат көрүнүштөргө каршы күрөш жүргүзүүсү талапка ылайык. Бул укук бузуучуга каршы жүргүзүлгөн күрөш гана эмес, өз укугун коргогондук деп да билүү керек. Себеби, кандай гана укук бузуу болбосун, ал коомго каршы жасалган иш, ал эми коом болсо ар бир жарандан турат.

Ар кандай укук бузууга келишпөөчүлүк менен мамиле жасоо укук бузуунун азаюусуна алып келери шексиз, анткени, мындай мамиле укукту бузган адамдын сөзсүз түрдө жазага тартылып каларын билип, укук бузууга ойлонбостон баруусуна тоскоол болот.

Укукту коргоо башка адамдардын укук бузуусуна гана каршы күрөш жүргүзүүнү эмес, өзүнүн укугун коргоону да билдирет. Ар бир жаран өзүнүн кандай укуктарга ээ экендигин жакшы билип, ал укуктарынын ишке ашыруусун тиешелүү органдардан талап кылуусу укуктук мамлекеттин бирден-бир жетишкендиги болуп эсептелмекчи.

Советтик коомдо сотко кандайдыр бир укугунун ордуна келтирилишин талап кылып барган адам арызчы адам катары каралып, терс пикир туудурар эле. Сот органдары жазалоочу орган катары таанылып, анын сот адилеттигин ишке ашыруучу орган экендиги айтылбай келген. Азыркы Конституциябыз боюнча сот органдары сот адилеттигин гана ишке ашырышат жана бардык талаш маселелер сот аркылуу гана чечилүүгө тийиш. Өзүнүн укугун коргоону талап кылып сотко кайрылуу, укукту коргоонун цивилизациялуу жолу болуп эсептелиши зарыл.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна жаран С. арыз менен кайрылган. Анда мыйзам боюнча прокурор менен жарандын сот процессинде укугу бирдей эмес болгондугу үчүн анын укугу бузулуп, негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын жазып, мыйзамдын ошол жобосун Конституцияга ылайык эмес деп табууну сураган. Натыйжада, Конституциялык сот мыйзамдын ошол жобосун Конституцияга ылайык эмес деп таап, жоопко тартуу тууралу соттун чечимдери аткарылбасын деген жыйынтыкка келген. Бул учурда ал өзүнүн гана укугунун сакталышына жетишпестен, мыйзамдын Конституцияга каршы келген жобосунун аракетинен улам көптөгөн жарандарды укуктарынын бузулуусунан коргоп калды.

Жарандар укук коргоону жеке эле жүргүзбөстөн, биргелешип жүргүзүшүнө да мыйзам жол берет. Кыргыз Республикасынын «Коомдук бирикмелер жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, жарандар ар кандай уюмдарды түзүүгө акылуу, мындай уюмдардын мисалы катары Кыргызстан укук коргоо кыймылын, Керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо коомун айтсак болот. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын катышуучулары укугу бузулду деп эсептеген жарандарды коргоо иштерин уюштурууда, ал эми керектөөчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоочу коомдун өкүлдөрү сатууга чыккан сапатсыз өнөр жай товарларын, тамак-аш азыктарын өндүргөн жана саткандарга каршы мыйзам чегинде күрөш жүргүзүп, жарандарга сапаттуу товарларды сатып алышына, сапаттуу азык-түлүктөрдү пайдаланышына көмөк көрсөтүп жатат.

Мыйзам тарабынан жарандарга өз укугун коргоого гана жол берилбестен, башкалардын да, өзүлөрүнүн да ден соолугун, ар-намысын жана өмүрүн кол салуулардан коргоого укук берилген. Мисалы, көчөдө кылмышкерлер бир жаранды катуу сабап жатышса, аны коргоо үчүн башка жарандар барып кылмышкерлерге жаракат келтирген сокку урса да, кылмыш жоопкерчилигине тартылышпайт. Себеби, алар коомдук коркунучтуу аракеттерди токтотуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жасашкан. Бирок коргонуу зарыл болгон чектен ашып кетпеши керек. Мисалы, короого алма уурдоо үчүн бир бала кирди дейли, ошондо алманын ээси өз менчигин коргоо максатында баланы кармап алып, сабап, денесине жаракат келтирген болсо, демек, ал зарыл болгон чектен ашып кеткен. Бул аракети үчүн мыйзамга ылайык жооп берип калат.

Азыркы мезгилде биздин өлкөбүздө адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуучу механизмдерди түзүү боюнча көптөгөн иштер жүргүзүлүп, көптөгөн мыйзамдар кабыл алынып жатат.

 

Материал “АДАМ ЖАНА КООМ” китебинен алынды.

Автору: К.ЭСЕНКАНОВ.

“ИНСАНАТ” – 2012, Бишкек