УСТАВ

Устав – мекеме, уюм же ишкананын ишмердик багыттарын, укуктарын,
милдеттерин жана ишинин уюшулушун жөнгө салуучу, белгилөөчү эрежелердин жыйындысы. Устав мекеменин жамааты тарабынан кабыл алынат. Тиешелүү юстиция органы текшергенден кийин мекеме жетекчиси бекитет.
Ар бир мекеме, уюм, ишкана менчиктүүлүгүнүн түрүнө карабай, өз ишмердигин
аныктоочу уставга ээ болот. Уставдын жалпы жоболору мамлекеттин аракеттеги
нормативдик актыларына карама-каршы келбеш керек. Уставга өзгөртүүлөр
киргизилсе, юстиция бөлүмүнөн кайра каттоодон өтүшү зарыл.
Уставдын титулдук бетиндеги БЕКИТҮҮ бөлүгү төмөнкүчө болот.

Мисалы:
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын
Саламаттыкты сактоо
министри____________
2011-жылдын 23-апрели
МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРДУН
УСТАВЫ
Бишкек – 2010
1.
2.
3.
4.
5. …
Министрдин аты-жөнү
Эскертүү! Уставдын текстин толук келтирүүгө окуу китебинин көлөмү жол

 

ҮЛГҮ:

 

БЕКИТЕМ
«Тагайберди ынтымагы»
коомдук бирикмесинин
төрагасы
2011-жылдын 5-декабры
«Тагайберди ынтымагы»
коомдук бирикмесинин

УСТАВЫ

Бишкек – 2011
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Толук аталышы: «Тагайберди ынтымагы» коомдук бирикмеси (мындан
ары «Бирикме» деп аталат); кыскартылган аты – «Тагайберди ынтымагы» КБ.
Орус тилинде: Общественное объединение «Тагайберди-ынтымагы»;
кыскартылган аты: ОО «Тагайберди ынтымагы».
2. Бирикменин дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Панфилов көч., 58.
3. Бирикменин ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелген эмес.