УСУНДАР

Усундар өзүлөрүнүн бир кездеги коңшулары, хунндар тарабынан талкаланган юечжилерди, болжолу тибеттен келип чыккан элди куугунтукка алууга катышышкан. Батышты көздөй жылуу учурунда юечжилер Жети-Суудагы сэ деген элди сүрүп чыккан, бул аталышты, адатта, Орто Азия жөнүндөгү грек жана перс кабарларында көп эскерилген сак деген эл менен окшоштурушат, бирок мындай жакындаштыруунун пайдасына тыбыштык окшоштуктардан башка эч кандай далилдерди келтирүүгө мүмкүн эмес. Өз кезегинде юечжилерди усундар сүрүп чыгарган, алар биринчи кытай элчиликтери келген доордо Жети-Сууда үстөмдүк кылып турушкан, ошентсе да өлкөдө эскерилген эки элдин тең бөлүктөрү жашап калышкан.

Рефератты көчүрүү