ФЕОДАЛИЗМ

ФЕОДАЛИЗМ (лат. feodum — ээлиги) Ф. термини 18-к. аягында Француз революциясынын алдында келип чыккан ж-а “эсин тартип” (абсолюттук монорхия, дворяндардын үстөмдүгү) деген түшүнүктү билдирген. Марксизмде Ф. капитализмге чейинки коомдук — экономикалык формацияны белгилешет. Азыркы тарых илиминде Ф. орто кылымдардагы батыш ж-а Борбордук Европага гана мүнөздүү социалдык система катары анализденет. А бирок Ф-ге мүнөздүү белгилерди башка региондордон ж-а доорлордон жолуктурууга болот. Ф-н негизинде — адамдардын ортосундагы: сеньор м-н вассалдын, сюзерем м-н кызматкердин, дыйкан м-н ири жер ээлөөчүнүн жеке мамилелери жатат. Ф. үчүн сословиелик — юридикалык, теңсиздик ж-а рыцардык согуштук уюмдашуу мүнөздүү. Ф-н идеологиялык ж-а адеп-ахлактын негизи болуп, орто кылымдардагы маданияттын мүнөзүн аныктаган, христианчылык атакарган. 16-18-к. революциялар Ф. аянтоосун шарттаган.