ФИЛОСОФИЯ

ФИЛОСОФИЯ (гр. phileo — сүйүү, sophia — макулдуулук) — дүйнөгө ж-а адамдагы адамдын ээлеп турган ордуна карата көз караштардын, идеялардын системасы; дүйнөгө болгон көз караш. адамдын дүйнөгө карата таанып билүү, социалдык — саясий, баалуулуктар, этикалык ж-а эстетикалык мамилесин изилдейт. Ф. сөзү алгач сократтык мектепте колдонулган. Гераклитте “буюмдардын табиятын изилдөөчүнү философ” деп атаган. Ф. илиминин негизги бөлүк-төрүнө: онтология (болмуш ж-дөгү окуу), гноселогия (таанып-билүү теориясы), логика, этика, эстетика, аксеология (баалуулуктар ж-дөгү окуу) кирет. Түрдүү филосософиялык проблемаларды чечмелөөдө бири-бирине каршы келген багыттар, системалар келип чыккан. Мис., диалектика ж-а метофизика, рационализм ж-а эмпиризм сенсуализ, материализм (реализм) ж-а идеализм, натурализм ж-а стеритуализм, детерминизм ж-а индетерминизм ж. б. Ф. тарыхый формаларына: Байыркы, Индия, Кытай, Египеттеги философиялык окуулар; байыркы грек антикалык Ф. классикалык формасы (Парменид, Гераклит, Сокрит, Демокрит, Эпикур, платон, аристотель); орто кылымдын Ф. — патристика ж-а адам келип чыккан схоластика; Кайра Жаралуу доорунун Ф. — (Г. Галилей, Б. Телезно, николай Кузалский, Дж. Бруно); жаңы мезгил Ф. (Ф. Бэкон, Р. Дэкарт, Т. Гоббс, Б. Спизона, Ш. Локи, Дж. Бэрили, Д. Юм, Г. Лейбиний). 18-к-гы француз материализми (Ж. Ламетри, Д. Дидро, Н. Гельвеций, П. Гольбах); немец классикалык философиясы (И. Кант, И. Г. Фихте, Ф. В. Шеллинг, Г. В. Ф. Гегель, Л. Фейебах); марксизм Ф. (К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин); орус диний Ф. (В. С. Соловьёв, С. И. Булгасов, И. А. Бердяев, Л. Шестов ж. б.); Ф. 20-к-гы негизги багыттары — неопозитивизм, прагматизм, эксиз тенциализм, аналитикалык философия, антропологиялык философия, структурализм, философиялык гермеливтика ж. б. Азыркы күндөө Ф. негизги, тенденциялар дүйнө ж-а андагы адамдын алган орду адазам цивилизацияларынын тагдыры, маданияттардын өзгөчөлүгү ж-а жалпылыгы,адамдын таанып-билүүсүнүн табияты болмуш ж-а тил сыяктуу фундаметалдуу проблемалардын үстүндө ой-жүгүртүү м-н байланышкан.