ФИЛОСОФИЯНЫН ЖАКЫРЧЫЛЫГЫ

ФИЛОСОФИЯНЫН ЖАКЫРЧЫЛЫГЫ “Нищета философии”, («Мырза Прудондун «Жакырчылыктын философиясы» деп аталган эмгегине жооп») — капиталисттик коомдун экономикалык негиздерине илимий анализ берген ж-а диалектикалык-материалисттик көз караштын маанилүү принциптерин чагылдырган К. Маркстын эмгеги. Китепти түзүүгө негиз болуп 1846-жылы Парижде басылып чыккан Прудондун «Экономикалык карама-каршылыктардын системасы же жакырчылыктын философиясы» деп аталган эмгеги эсептелген. Маркстын жообу 1847-жылдын июль айынын башында француз тилинде басылып чыккан. Прудон тарабынан колдонулган демагогиялык фразеологиянын формасындагы майда буржуазиячыл иллюзиялар жумушчу кыймылына кеңири сиңип, аларды революциячыл күрөштөн алыстатып жаткандыгына байланыштуу К. Маркс автордун эмгегине курч сын м-н жооп берген. Капиталисттик коомду реформалаштыруунун Прудон сунуш кылган утопиялуу пландарына каршы К. Маркс экономикалык анализге таянуу м-н коомду революциянын жолу м-н гана өзгөртүү мүмкүн экендигин баса көрсөткөн. ФИЛОСОФИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ (Вопросы философии) — СССР ИАнын философия институтунун илимий журналы. 1947-ж. августунан баштап Москвадан басылып чыгат. Журналдын мезгилдүүлүгү: 1947- ж. тартып — 3 жолу, 1951 — 6 жолу, 1958-ж. баштап — жылына 12 жолу. Совет доорунда журналда диалектикалык ж-а тарыхый материализмдин, социализмди куруу ж-а илимий коммунизмдин теориясынын маселелери боюнча макалалар жарыялануучу; социология, философиянын тарыхы, атеизм, этика, эстетика, маданияттын, логиканын өнүгүүсүнө, табият таануудагы ачылыштар м-н байланыштуу коомдук өзгөрүүлөрдүн актуалдуу маселелерин философиялык жалпылоо жүргүзүлчү; ошол учурдагы марксисттик эмес философиянын ж-а социологиянын негизги теорияларын, агымдарын сындоо иш-чаралары жүргүзүлүчү; Маркска чейинки ж-а Маркстын, Лениндин философиянын тарыхы боюнча эмгектери, марксизм-ленинизм классиктеринин тексттери жарыяланып турган журнал болгон. Азыркы мезгилде учурдун талабына ылайык, актуалдуу илимий эмгектер жарык көрүп турат.

Философиянын негизи деп психологиялык антропологияны эсептеген.