ФИЛОСОФИЯНЫН ЖАНА ПСИХОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ

ФИЛОСОФИЯНЫН ЖАНА ПСИХОЛОГИЯНЫН МАСЕЛЕЛЕРИ (вопросы философии и психологии) — Москвадагы психологиялык коомдун алдында 1889-1918-ж. басылып чыгып турган философиялык журнал. Жылына 4-6 жолу чыгып турган. Москвалык психологиялык коомдун башчысы Н. Я. Гроттун демилгеси боюнча негизделип, 1893-ж-дан баштап, Лопатин м-н В. П. Преображенский редакторлугу асытындагы жарык көргөн. 1898-ж. тартып, Санкт-Петербургдун философиялык коомунун жардамы аркылуу ишке ашырылган. Журналда философия, психология, логика ж-а таануу теориясы, этика ж-а укук философиясы, эстетика, философиянын тарыхы, илимдин философиясы, физиологиялык опыттык психология, психопатология, ошондой эле батыш-европалык философтор м-н психологдордун эмгектерине сын макалалар, антикалык ж-а Жаңы Мезгилдик философиянын классикалык эмгектеринин котормосу ж. б. жарык көрүп турган.