ФРИДРИХ ШИЛЛЕР

ШИЛЛЕР Фридрих (1759-1805) — улуу немис акыны, философу ж-а тарыхчысы. Жаш кезинде, бир жагынан Лейбниц м-н Вольфтун экинчи жагынан Шефтсбери м-н Руссонун философиясынын таасирин алган. 1790- жылы Шиллер Канттын философиясы м-н жакындан таанышып, аны терең окуп-үйрөнсө да, аны м-н толук пикирлеш болгон эмес. Атап айтканда, ал Канттын этикасында парз милдет идеясы өтө эле курч ж-а бир жактуу өнүктүрүлгөн деп эсептеген. Эрк ж-а акыл-эске карата алганда адам экиге бөлүнбөстөн, бүтүн, бирдиктүү. Эрк- адамдын түрдүк мүнөздөмөсү, ал эми акыл-эс болсо анын түбөлүк эрежеси болуп саналат. Бардык жаратылыш акыл-эстүү аракеттенет: адамдын айырмачылыгы — ал аң-сезим м-н эрктин жардамы м-н акыл-эстүү иш кылат. Адам- эркиндикти каалаган макулук. Маданият адамга бул эркиндикти өздөштүрүүгө жардам көрсөтүүгө тийиш. Моралдык жактан айкын багыттуу адам гана толук эркин болушу мүмкүн. Өз эркинин акыркы багыттоочусу катары ар бир адамды өзүндө эң идеалдуу адамга ылайык келген түшүнүгү ж- а аныктамасы болот; анын жашоо-турмушунун негизги милдети — өз өмүр-жолунун бардык оош-кыйыш өзгөрүүлөрүндө ошол адам м-н макулдукка келүү. Ш-дин этика-педагогикалык философиясы анын «Адамды эстетикалык тарбиялоо жөнүндө каттар» деген эмгегинде жыйынтыкталган. Андагы башкы проблема — ыймандык каалоону тарбиялоо. Сезүү-туюу ж-а баамдоо сыяктуу касиеттер адамдан ой-жүгүртүү ж-а каалоо сыяктуу ишкер абалга өтүү эстетикалык эркиндиктин ынтаалуу ыйманды каалоо, Башатты билдирген ортодогу данакер абалынын натыйжасында жүзөгө ашат. «Адам өз үмүт тилегин арууланта билүүнү үйрөнүшү керек; ошондо гана анда ашкере каалоого ээ болуу зарылдыгы келип чыкпайт».