ФРИДРИХ ЭРНИСТ ДАНИЕЛЬ ШЛЕЙЕРМАХЕР

ШЛЕЙЕРМАХЕР Фридрих Эрнист Даниель (1768-1834) — немис теологу ж-а философу. Немис идеализми ж-а романтикасы м-н тыгыз байланышта болуу м-н, ал Кудай ж-а дүйнө м-н байланыштуу болгон протестанттык багыттагы сырттан баамдап ой жүгүртүү философиясын иштеп чыккан. Кант м-н Фихтенин идеалисттик жазгырууларын жумшартуу м-н ал рухий — тарыхый чындыкка көбүрөөк көңүл бурууну талап кылган, мында аларды бөлүп карабастан, Бүтүндүк ж-а Түбөлүк м-н бирдикте кароону сунуш кылган. Дин — ошол Түбөлүк м-н биримдикти сезүү. Ал «жөнөкөй» көз карандылыкты, тагыраак айтканда, Кудайдан болгон көз карандылыкты сезүүгө негизделет. Кудай ж-дөгү идеяда идеалдуулук м-н реалдуулуктун абсолюттуу биримдиги туюнтулуп, тигил же бул карама-каршылык жокко чыгарылат, ал эми дүйнө тууралуу түшүнүктө идеалдуулук м-н реалдуулуктун салыштырмалуу биримдиги карама-каршылык түрүндө кабылданат. Ошондуктан Кудай дүйнөгө түгөйлөш да, дүйнөдө бөлүнгөн да эместей туюмдалат (караңгы, Пантеизм). Нерселер табигый байланыш м-н кандай шартталган болсо, дүйнөдөн да ошондой эле өлчөмдө көз каранды деп эсептелет; ошондуктан түздөн-түз Кудайды б. а. кереметти кабылдоо мүмкүн эмес. Адам Кудайдын табигый байланышына камтылып ошол себептен ыймандык мыйзам м-н жаратылыш мыйзамынын ортосунда эч кандай кескин айырмачылык жок. Ар бир адам өз алдынча маани-маңызга ээ, демек ар бир адам өзүнүн жекече өрнөктүү элес-сыпатын өнүктүрүүгө чакырылган. Инсанга идеалдуу түрдө берилген индивидуалдуулукту жүзөгө ашыруу — инсан эркиндиги мына ушунда. Ш. этиканы жакшылык, дөөлөттөр ж-а парз ж-дөгү окуу деп карайт. Анын пикири боюнча парздын жалпыга таандык мыйзамын мындайча аныктоого болот: ар бир учурда бардык ыймандык күч-кайратыңды жыйнап ж-а бардык ыймандык максаттарга умтулуу м-н аракеттенет.