ЧОКАН ВАЛИХАНОВ

ВАЛИХАНОВ  Чокан  (1835, Казак Респ.  –  Жетикөл р-ну  –  1865) туңгуч казак илимпозу  –  этнограф, фольклорчу, тарыхчы, тилчи, агартуучу. 1847-ж. Омскидеги кадет корпусуна окууга алынып, аны 1853-ж. 18 жашында ийгиликтүү бүтүрүп, аскердик ишин Батыш Сибирге генерал-губернатордун  адьютанты болуудан баштаган. Ишине так, чынчыл, калыс, зээндүү, кеңири билимге ээ, көп тилдерди (чагатай, араб, уйгур, немец, француз) билген жаш офицер, ишенимдүү колунан көп иш келген кадр катары орус дминистрациясынын жогорку мансаптагы жетекчи адамдарына тез алынып, ага аскердик, саясий чоң  мааниге ээ жооптуу иштерге катышууга жол ачылган. Айрыкча түпкү  аксаты  –  аскердик чалгындоо иштери м-н байланышкан атайын аскердик-ил. экспедицияларга жер шартын, туруктуу элдердин үрп-адатын мыкты билген адам катары кеңешчи, котормочу болуп кызмат өтөгөн. 1856-ж. баштап В. илимдин түрдүү тармактарына кадам шилтеп, окумуштуу катары аты билине баштаган. В. өз өмүрүндө казак, кыргыз ж. б. түрк элдеринин тарыхы, үрп-адаттары, этнографиясы, тили б-ча баалуу пикирлерин баяндаган бир кыйла эмгектердин ээси. Ал белгилүү илимпоз эле эмес, казак элинин чыгаан сүрөтчүсү  катары да таанымал  –  өз эмгектерин  өзү  чийген план-схемалары м-н иллюстрациялап, көп жанрдуу портреттик, пейзаждык, чиймелик ж. б. эмгектерин калтырган.

Элинин тарыхына, этнографиясына, маданиятына, тилине,  үрп-адатына ж. б. байланышкан баалуу ил. пикирлери окумуштуунун «Ысык-Көлгө  баруунун күндөлүгү”, бүткөрө  иштелбеген, тема коюлбаган кыргыздар жөнүндөгү көлөмдүү кол жазмасында ж-а 1860-ж. Петербургда жазылган В-дун өзгөчө маанилүү эмгектеринин бириккен «Жунгария очерктеринде” жайгаштырылган.

Окумуштуу  өзү  «Манастагы” эң  мыкты эпизод деп эсептеген «Көкөтөй хандын” ашын кагазга түшүрткөн. В. жаздырган тексттердин жалпы көлөмү 3320 сап ыр. Ыр саптарынын арасында кара сөз да бар. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя  үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлардын көбү  ыр сабынан кийин көп чекит коюлуу м-н белгиленген.

Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай айткан  үлгүлөргө  көп жактан жакын. В-дун жаздырган тексттер окумуштуунун көзү өткөн соң дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдын орто ченинде казак окумуштуусу, академик А. Маргулан таап, факсимилесин кеңири кириш сөз ж-а комментариялары м-н 1971-ж. Алматыда «Чокан” ж-а «Манас” деген аталышта жарыялаган. В. 1860-ж. өзү Петербургда жүргөндө «Манастын” тексттерин орус тилине которуп жатканын эскерген. Бирок, окумуштуунун аракети, балким ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган кыргызча текстин башынан тартып, 910 сабы гана которулган. Бул котормо аны м-н таанышкан окумуштуулар арасында которулушунун деңгээлинин тактыгы аркылуу жогору баага ээ болгон. Котормо биринчи жолу 1904-ж. В-дун башка тандалма эмгектеринин арасында Санк-Петербургда жарык көргөн. В. «Манас” эпосуна жогору баа берип, талаа «Иллиадасы”, «Семетей” буруттардын «Одиссеясы” деп атайт ж-а кыргыз эпосунун мазмунунун өзгөчө кеңири мүнөзүн атайын мындай белгилеген: «Манас бир мезгилге келтирилген ж-а бир кишинин – Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыздардын бардык миф, жомок, санжыра-уламыштарынын 69 энциклопедиялык жыйнагы. Кыргыздардын жашоо-шарты,  үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, географиялык, диний, медициналык түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы ушул  өтө  зор эпопеяда орун алган”. В. 1860–61-жылдары Санкт-Петербургда жашап, ооруп калганына байланыштуу элине кайтат да, 1865-ж. отуз жаш курагында дүйнөдөн кайткан. В. «Манас” эпосун өз атынан атап, ага көркөм чыгарма катары мамиле кылып, эл турмушунан алган орду м-н маанисин баалаган, чыгарманы тарыхый-адабий талдоодон өткөрүп, каармандарына мүнөздөмө берген, тексттерин кагаз бетине түшүрүп, башка тилге которгон биринчи окумуштуу болгон.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ