ЧЫГЫШ-БАТЫШ

ЧЫГЫШ-БАТЫШ (Восток-Запад) — маданий, социалдык, философиялык, руханий-психологиялык системалардын бири-бирин аныктоосунун формасы, адамдын ишкердүүлүгү м-н ой-жүгүртүүсүндөгү эки башка түрлөрдүн карама-каршылыгы ж-а байланышы. Ч. м-н Б-тын бинардык оппозициясы ар түрдүү каралат. Мис., философияда (мистицизм-рационализм), экономикада (агрардык-индустриалдык), коомдо (коллективдүүлүк-индивидуалдуулук), жүрүм-турум эрежесинде (баамдоочулук-активдүүлүк) ж. б.

Географиялык тараптан Ч. м-н Б. маселеси байыркы гректер өзүн Ч. мамлекети Персияга карама- каршы койгондон бери башталат. Кийин европалык мамлекеттердин Азиянын жерлерине соода-сатык, саясий, согуштук, маданий экспонсиясынын жүрүшүндө стереотиптүү «сызыктуу» каршылыктар: руханийликке-практицизм, космоцентризмге-антропоцентризм, монизмге-дуализм айкындалат. Негизинен Ч.-Б. маселеси европалыктар чыгыш элдеринин өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө аракет кылуусунун натыйжасында пайда болгон, ал эми «востокоцентризм» «европоцентризмге» карата жооп катары жаралган концепция. Философиянын алкагында бул маселени карасак, философия алгач Ч. өлкөлөрүндө пайда болуп, кийин Б-ка тараган. Орто кылымдарда философиянын борбору кайрадан чыгышка-араб мусулман өлкөлөрүнө өтүп, Жаңы Мезгилде европанын мамлекеттерине өтөт. Санскрипттик адабият Шеллинг, Фихте, Г егель, Шопенгауэр сыяктуу философтордун ой жүгүртүүсүнө чоң таасир кылган. 20-к-дын аягында бардык адамдар ар түрдүү регионалдык, экономикалык, саясий, этномаданий ж. б. жалпылыктардын негизинде диалог же полилог түзүшүп, Ч.-Б. карама-каршылыкташтыруу туура эместигин баамдашты. Бирдиктүү Ч. же бирдиктүү Б. жок, алар өз ара бир топ экономикалык ж-а маданий борборлорго бөлүнүшөт; мисалга Ч. (Жер ортолук дениздик, Борбордук азиялык, Тынч океандык) же Б. (Борбордук европалык, Б. европалык, Атлантикалык). Ч.-Б. стереотиби өзүнүн мурунку маанисин жоготуп, азыркы учурда анын ордуна башка оппозициялар: «Түндүк-Түштүк», «Европа-Африка», «Япония-Азия», «АКШ-Латын Америкасы» ж-а башка орчундуу маселеге айланып бара жатат.