ЧЫНДЫК

ЧЫНДЫК (истина) — аң-сезимден сырткары ж-а ага көз каранды болбой жашаган объективдүү реалдуулукту адекваттуу (туура) чагылдырган, анын маани-маңызына дал келген билим. Адекваттуулук деп аң-сезимдеги образдын объектке дал келүүсүн аташат. Ч. объективдүү ж-а субъективдүү жактарга ээ. Ч-тын субъективдүүлүгү анын адамдын аң-сезиминде жашагандыгы ж-а анын ачылуу даражасы адамдын өнүгүү деңгээлинен көз каранды экендиги м-н түшүндүрүлөт. Ч. аң-сезимден тышкары ж-а ага көз каранды болбой жашаган объективдүү предметтерге таандык мазмунду чагылдыргандыктан, ал объективдүү мүнөзгө да ээ. Ч-ты төмөнкүдөй өңүттөрдө кароого болот: Болмуштук өңүт — бул өңүт Ч-тын объективдүү жагын түзөт. Аксиологиялык өңүт — Ч. «акыйкат», «адилеттик», «калетсиздик», «туура» ж. б. түшүнүктөр м-н тыгыз байланышкан. Праксеологиялык өңүт — практиканын компоненти ж-а адамдын практикалык иш-аракеттерин уюштуруу программасы болуу м-н чындык жаратуучулук, түзүүчүлүк мүнөзгө ээ. Ч-тын объективдүү мүнөзү анын индивидден да, коомдук топтордон да, ал тургай убакыттан да көз каранды эместигин шарттайт. Ч. коомдук таптардан өйдө турат, алардан ж-а тарыхый шарттардан көз каранды эмес. Ошол эле учурда Ч-тын объективдүү мүнөзү анын конкреттүүлүгүн шарттайт. Ч-тын конкреттүүлүгү анын тигил же бул кубулуштарга таандык байланыштар м-н алакалардан, алар калыптанган шарттардан, орундан ж-а убакыттан көз карандылыгын түшүндүрөт. Абстракттуу чындык болбойт, чындык дайыма конкреттүү.