ЧЫНЫГЫ СОЦИАЛИЗМ

ЧЫНЫГЫ СОЦИАЛИЗМ (Истинный социализм) — 19-к-дын 40-жылдарында негизинен Германияда кеңири жайылган майда буржуазиялык социализмдин формаларынын бири. Ч. с-дин идеялык уюткусу болуп 1942-жылы «Философиялык коммунизм» деген аталыш м-н пайда болгон, Фейербахтын, Гегелдин философиясынын начар иштелип чыккан жактарын ж-а утопиялык социализмдин айрым жоболорун бириктирген, бирок, саясий ишмердүүлүктүн ж-а демократия үчүн күрөшүүнүн зарылдыгын баса белгилеген окуу эсептелет (Гесс, Люнинг, Бернайс, Грюн). 1844-жылдагы Силездеги көтөрүлүштөн кийин «философиялык коммунизм». Ч. с-ге айланып, анын башкы өкүлдөрү болуп Гесс, Грюн, Земмиг, Криг эсептелген. Ч. с. «философиялык коммунизмдин» эклектицизмин мурастап алган, моралга негизделген социализм тууралуу окууну иштеп чыккан, социализмдин экономикалык ж-а саясий негизин четке каккан, баардык таптардын ортосундагы ынтымакка чакырган, жумушчулардын майда өндүрүшчүлөргө айлануусун талап кылган, күрөштүн революциялык каражатына каршы чыккан, ашынган улутчулдукту жактаган. Ч. с. майда буржуазиялык маңызга ээ болгондуктан, Германиядагы саясий күрөштүн күчөшү м-н улам реакциячыл мүнөз күткөн. К. Маркс м-н Ф. Энгельс «Немецтик идеология» (1845-46) деп аталган эмгекте «Чыныгы социализмдин» илимий мүнөздө эмес экендигин ж-а идеологиялык-саясий жактан алсыздыгын көрсөтүү м-н аны «Коммунисттик партиянын Манифестинде» (1847-48) «…реакциячыл кызыкчылыктардын, немецтик мещандардын кызыкчылыктарын» чагылдырган окуу деп аташкан. Энгельс анын өкүлдөрүн «…немец адабиятындагы реакциячыл элементтер», — деп атоо м-н Ч. с. реакциячыл табиятка сугарылган деп көрсөткөн. В. И. Ленин Ч. с-дин маани-маңызын «таптык күрөштү ж-а саясий эркиндиктин маанисин түшүнбөстүк.