ШААБАЙ АЗИЗ УУЛУ

ШААБАЙ Азиз уулу (1927-ж. т., Ак-Суу р-ну) – манасчы. Ш. белгилүү манасчы Чоюкенин бир тууганы Азиздин уулу. Кезегинде Азиз да «Манас» айткан. Бирок,  өзүнүн бул  өнөрүн уулунун улантып  кетээрине көзү  жеткен соң, манасчылыкты уулуна  өткөрүп берип,  өзү  эпос айтууну токтоткон. Шаабайдын эпоско болгон кызыгуусу 7 жашында башталган. Чоюкенин айтканын  өз кулагы менен укпаса да Шаабайдын айтканы Чоюкеге  өтө  окшош экендигин эл арасында белгилеп жүрүшөт.  Өзүнүн берген маалыматына караганда Шаабай циклдешүү  принцибинде курулган бүткүл үчилтикти («Манас», «Семетей», «Сейтек»), Манастын чөбөрө-урпактары болгон Эр Сарык менен Кулумсарыктар (Сейтектин баласы менен небереси) жөнүндө да айтат. Чоюкенин жана бир тууганы Азиз менен анын уулу Шаабайдын варианты – салт катары атадан балага  өтүп келаткан вариант. Ал бизге Шаабайдын айтуусунда гана келип жеткени. Вариант эпостун айтылып, жашап келишиндеги бүтүндөй бир тарыхый сызыкты  өзүнчө  бириктирген, ошол эле учурда эпостун Ысыккөлдө  айтылып келген байыркы салттарын  өзүнө  сиңирип сактай алган. Бактысына Чоюке туш болуп, анын «Манас» айтканын уккан, аны менен көпкө  бирге жүргөн Саякбай Карала уулу кийин бул салтты уланткан. Шаабайдан 1959-ж. «Манастан» 8368 сап ыр көлөмүндө, 1971-ж. «Сейтек» эпосунан 3842 сап ыр көлөмүндө  жазылып алынган. Кийинчерээк 1000  м  магнитофондук лентага «Манастан» («Тал Чокудагы окуя»)  үзүндү  жазылган, бирок убактысы көрсөтүлгөн эмес.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ