ШУППЕ ВИЛЬГЕЛЬМ

ШУППЕ Вильгельм (1836-1913) — немец философу, Грейфсвальдда профессор; ашынган имманенттик философиянын өкүлү. Ш-нин пикири б-ча турмуш чындыгы аң-сезим аркылуу таанылгандыктан гана жашап турат. Аң-сезимде жаратылган инсан. Мендин аң-сезими катары да дененин аң-сезими катары да бөтөнчө туруктуулукка ээ болуп саналат. Башка (бөтөн) инсан (аң-сезим) тууралуу тыянак чыгарууга гана болот. Жалпылай алганда, Ш-нин көз карашы б-ча, турмуш чындыгы бул аң-сезим, объект-элестетүү болуп саналат. ШЮЦ Альфред (1899-1959) — австро-америка философу ж-а социологу, феноменологиялык социологиянын негиздөөчүсү. 1939-ж. тартып АКШда жашаган. Философиялык теорияда экзистенциализмге жакын турган трансценденалдык эмес феноменологияны иштеп чыккан. Түшүнүүчү социология багыты б-ча өзүнүн үлгүсүн сунуш кылып, Гуссерль тарабынан коюлган абстрактуу илимий категориялар м-н күндөлүк турмуш чөйрөсүнүн, билим м-н иш-аракеттин ортосундагы түздөн-түз байланышты орнотуу ж-дөгү милдетти чечүүгө аракеттенген. Социалдык иш-аракеттин ички жүйө-себептери, кадыресе таанып-билүүнүн түрлөрү ж-а методдору, адамдардын ортосундагы өз ара мамиленин, рационалдуулуктун структурасы б-ча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ш-тун негизги чыгармалары «Colleced papers» v.1-3, The Hague, 1962-1966-ж жарыяланган.