ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БИЛИМ БЕРҮҮ

Билим берүүнүн мурунку системасы өзүнүн натыйжалуулугун жоготуп, рынок мамилелеринин шартында экономикасынын, техникасынын, маданиятынын талабына туура келбей калган. Кыргызстандын көз каранды эместиги жарыялангандан кийин билим берүү тармагын реформалоо иши жүргүзүлө баштаган. 1992-ж. декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Билим берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алган. Анда азыркы кезде билим берүүнүн борборунда адам, анын билим алууга болгон умтулуусуна жардам берүү тураары аныкталган. 1996-ж. «Билим жылы»делип жарыяланып, 19-мартта Президенттин указы менен «Билим» улуттук программасы бекитилген. Анда билим берүүнү демократиялаштырууга, гумандаштырууга, дифференциялаштырууга, мектептердин базасын чындоого өзгөчө көңүл бурулган.

Реформанын жүрүшүндө КМШнын башка республикаларынын көбүнөн айырмаланып, Кыргызстанда мектеп окуучуларынын жана студенттердин саны кыскарган эмес. Эгерде 1992ж. республиканын мектептеринде 955 миң окуучу окуса, 1996ж. алардын саны 987 мин болгон. Бул мезгилде республиканын жогорку окуу жайларында студенттердин саны 53,6 миңден 56,3 миңге көбөйгөн. Демек, республикадагы социалдыкэкономикалык кыйынчылыктарга карабастан реформа жылдарында окуучулар менен студенттердин саны өскөн.

Билим берүү тармагындагы реформанын натыйжасында 1993-ж. баштап жаны типтеги гимназия, лицей, мектеп комплекстери пайда болгон. 1995-ж. Кыргызстанда 70 лицей жана гимназия, сабактарды тереңдетип үйрөтүүчү 302 мектеп, 20дан ашуун жеке жана жеке мамлекеттик лицейлер, мектептер иштеген. Мектептерде окутуунун жаны ыкмалары: стандарттуу эмес сабактар, окуучулардын билимин рейтинг системасы аркылуу текшерүү, тестирлөө, атайын сабактарды киргизүү, компьютерлештирүү ж. б. кеңири киргизиле баштаган.

Акча каражаттарынын жетишпегендигине карабастан билим берүүгө мамлекеттик бюджеттен акча бөлүүнүн өлчөмү бир аз болсо дагы жогорулоодо. 90-жж. орто эсеп менен республикалык бюджеттин 4-6 проценти билим берүүгө жумшалган.

Кийинки жылдары билим берүүгө эл аралык уюмдардын грант жана кредит формасында жардам берүүсү күчөгөн. Бул багытта «Тасис» (КМШ өлкөлөрүнө Европалык техникалык жардам), «Темпус» (жогорку билимди Европалык колдоо программасы) программаларынын жардамы чоң болууда. Бул программаларга ылайык мектептердин материалдык-техникалык базасын чындоого өзгөчө көнүл бурулууда. Азия өнүгүү банкы республика үчүн атайын «Билим жана окутуу боюнча генералдык план» иштеп чыгып аны ишке ашыра баштады. Ал үчүн бул банк Кыргызстанга 40 жылдык мөөнөткө 37,7 млн доллар кредит бөлгөн. Бул боюнча мектептерди, коллеждерди жана жогорку окуу жайларын окуу китептери жана куралдары менен камсыз кылууга, окуу лабораторияларын курууга, башкаруунун информациялык системасын түзүүгө, мугалимдерди даярдоо жана квалификациясын көтөрүү үчүн алыс аралыктан туруп окутууга көңүл бурулган. 90-жж. башында Кыргызстан «Интернет» тармагына кирген. Азыр анын кызматынан 10 университет жана 50 мектеп пайдаланат. Келечекте республиканын 200 мектеби эл аралык «Интернет» компьютердик тармагына кошулмакчы.

Экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу мугалимдерди материалдык жактан колдоо иши талапка жооп бербей келүүдө. 1996-ж. эле мугалимдерге айлык акы төлөө боюнча карыздар 86,395 миң сомду түзгөн. Бул карыздардын 50 проценти Ош жана Жалал-Абад областтарына туура келген.

Эгемендүү Кыргызстанда билим берүү тармагы азыркы кезде социалдык чөйрөнүн эн эле массалык тармагы болуп калды. Бул тармакта 1 млн 200 мин киши алек болууда. Булардын 1 млн 100 мини мектептерден жогорку окуу жайларына чейин билим алуучулар, ал эми 77,5 миңи окутуучулар. Тактап айтканда, Кыргызстандын ар бир төртүнчү адамы окуучу жана окутуучу. Бирок экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу билим берүүнүн сапаттык деңгээли начарлоодо.

2000-ж. 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. Мыйзамда мугалимдерди моралдык жана материалдык жактан колдоо каралган. Бул жаштарга билим берүү ишин жакшыртууга өбөлгө болмокчу.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыккан «XXI кылымдын кадрлары» (1995-ж.) аттуу улуттук программага ылайык республикада атайын орто, жана жогорку билим берүү өнүгүүдө. Республикада жогорку оруу жайларынын саны 40тан, атайын окуу жайларынын саны 50дөн ашкан.

Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамы боюнча жогорку окуу жайларынын укуктары бир кыйла кеңейген. Бул окуу жайларында адистер алардын жөндөмдүүлүгүнө жараша көп баскыч менен даярдала баштаган. Жогорку окуу жайлары акча каражаттарын пайдаланууда өз алдынчалыкка ээ болгон. Мамлекеттик эмес окуу жайлар ачыла баштаган. 1993-ж. Кыргыз Мамлекеттик университетине «улуттук» университет деген статус берилген. Университетте жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында 2000-ж. бул окуу жайында 15 факультет, 7 борбор, 5 институт жана 72 кафедра иштеген. Университетте 2 миңден ашуун окутуучулар эмгектенишкен. Мында рынок экономикасынын шартына ылайык жаны ондогон адистиктер ачылган. 1994-ж. бул университетте 19,4 миң студент билим алса, 2000-ж. мында 22 миңден ашуун студент окуган.

1995-ж. 1-апрелде Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргыз айыл чарба институтунун базасында Кыргыз агрардык академиясы уюштурулган. Бул академия 2001-ж. К. И. Скрябин атындагы агрардык университети болуп кайра уюшулуп, ага республиканын эл чарбасынын негизин түзгөн айыл чарбасы үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, окумуштууларды даярдоо, агрардык илимди өркүндөтүү милдеттери жүктөлгөн.

Эгемендүүлүктүн мезгилинде Кыргызстанда эл аралык Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Кыргыз-Россия (славян) университети, Кыргыз-Америка университети, Кыргыз-Кувейт университети, Ош шаарында Кыргыз-Өзбек университети өңдүү жаңы жогорку окуу жайлары ачылып, Кыргызстандын дүйнөлүк билим берүү системасын өздөштүрүүсүнө көрүнүктүү салым кошууда.

1992-ж. Кыргызстанда 13, 1993-ж. 18, 1994-ж. 29, 1997-ж.37, 2000-ж. 44, 2005-ж. —51 жогорку окуу жайы иштеген. Ушул жылы республикадагы жогорку окуу жайларда 130 миңден ашуун студенттер 230 адистиктер боюнча окушкан. Жогорку окуу жайларынын 20сы Бишкекте жайгашкан. Бирок жогорку окуу жайларынын санынын тез өсүшү аларда даярдалган кадрлардын сапатына тескери таасирин тийгизүүдө. Окуу жайларынын көптүгүнө байланыштуу аларга мектептен алган билими начар, окууга жөндөмсүз абиту-риенттер көбүрөөк кирүүдө. Бул жогорку окуу жайларында мыкты адистердин даярдалышына тоскоолдук кылууда. Жогорку жана атайын орто окуу жайларын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу маселеси чечилбеген бойдон калууда.

Республиканын 100дөн ашуун кесиптик-техникалык окуу жайларында да 30 миңден ашуун окуучу окушат (2002-ж.). Аларды бүткөн жумушчу адистерин ал чарбасына пайдалануу маселеси да чечилбей келүүдө.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор