ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ИЛИМДИН АБАЛЫ

Азыр республикада ар түрдүү профилдеги 62 илимий жана маданий борборлор, институттар, долбоорлоочу мекемелер иштейт. Илимий мекемелерде 7405 адам бар. Алардын 190 илимдин докторлору, 1189 илимдин кандидаттары. Ар түрдүү илимий-изилдөө, долбоорлоочу-конструктордук жана технологиялык борборлордо 4548 адис эмгектенет. Экономикачөйрөсүндөгү кризистер мамлекеттин каржылоосунда турган илимдин тармактарына тескери таасир берген. Бир кезде союзга, ал тургай дүйнөгө белгилүү болгон илимий ачылыштарды жасаган Кыргызстандын илими 90-жж. төмөндөй баштаган. Финансылык кыйынчылыктардан улам илимий кызматкерлердин бир кыйла бөлүгү илим чөйрөсүнөн кетүүгө мажбур болушкан.

1992-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы (УАК) түзүлгөн. Бул органга окумуштуулук даражаларды (илимдин кандидаты, доктору) жана окумуштуулук наамдарды (доцент, профессор) берүү маселелери тапшырылган.

Кыргызстандагы илимдин борбору Кыргыз Улуттук илимдер академиясында, тармактык илим-изилдөө институттарында, жогорку окуу жайларында олуттуу илим изилдөөлөр ар түрдүү багыттар боюнча жанданууда. Кыргызстандын окумуштуулары менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы салттуу байланыштар да акырындык менен калыбына келтирилүүдө. Мындан тышкары республика чет элдик окумуштуулар менен да байланыштарды күчөтүүдө. Чет өлкөлөрдөн илимди өнүктүрүүгө багытталган инвестициялар да улам көбүрөөк келүүдө.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясы «Аракет», «Маданият», «XIX кылымдын кадрлары» өңдүү Улуттук программаларды жүзөгө ашыруу багытында бир топ иштерди аткарууда. Азыркы мезгилде илим-изилдөө институттары менен жогорку окуу жайларында адистерди даярдоо, илим изилдөө ишинде интеграция иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Академиялык жана жогорку окуу жайындагы илимий иштерди айкалыштыруу жакшы натыйжаларды берип жатат.

1998-            ж. кыргыз илиминин тарыхында алгач ирет Кыргызстандын окумуштууларынын Биринчи съезди болуп өттү. Съездде Кыргыз илиминин XX к. өнүп-өсүшүнүн жыйынтыгы чыгарылды жана илимди өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттары көрсөтүлдү. Жаңы информациялык технологияны иштеп чыгуу, энергетика жана суу ресурстарын, пайдалуу кен байлыктарды изилдеп табуу, биохимиялык технологияларды түзүү, органикалык жана органикалык эмес ресурстарды, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө илимий технологияларды кеңири пайдалануу милдеттери аныкталды.

Окумуштуулар М. Адышевге, И. Ахунбаевге, М. Лущихинге, К. Тыныстановго, К. Юдахинге, М. Иманалиевге, М.

Миррахнмовго «XX кылымда илимдеги өзгөчө жетишкендиги үчүн» Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак медалы» ыйгарылды. Бул Кыргыз Республикасында илимдин өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгынын дагы бир далили болуп калды.

Коомдук илимдерге Кыргызстандын саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүшүнүн проблемаларын кылдат изилдөө, коомдун өнүгүшүнүн закон ченемдүүлүктөрүн аныктоо, кыргыз элинин руханий дөөлөттөрүнүн жана маданиятынын кайра жаралып, өнүгүшүнө өбөлгө болуучу изилдөөлөрдү жүргүзүү милдеттери жүктөлдү.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор