ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДА КАЛКТЫ СОЦИАЛДЫК ЖАКТАН ТЕЙЛӨӨНҮН АБАЛЫ

Элдин жашоо деңгээлин, билимин жана маданиятын жогорулатуу, адамдын кадыр-баркын урматтап, укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу — ар бир мамлекетте биринчи кезекте милдеттүү түрдө турмушка ашырыла турган жалпы адамзаттык дөөлөттөр экендиги белгилүү. Көз карандысыз мамлекетке айлангандан кийин Кыргызстанда Совет доорунан калган социалдык маселелер чечилмек тургай, тескерисинче, алар ого бетер татаалдашууда.

Экономикалык кризистен улам элдин турмуш деңгээли жыл сайын төмөндөп жатат. Бүгүнкү күндө республикада көпчүлүк социалдык топтор жакырчылыкка дуушар болушту. Социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн натыйжасында республикада акча кирешелеринин 50 проценттейи калктын бай жашаган 20 процентинин колуна топтолгон. Ал эми кедей жашаган калктын 20 процентинин колунда акча кирешелеринин 3,9 проценти гана бар.

Кризиске байланыштуу жашы улгайган адамдардын, саламаттыгына байланыштуу убактылуу же биротоло майып болуп калгандардын тагдыры өтө татаалдашты. Калктын бул катмарына пенсия жана пособиелерди берүү ишин жакшыртуу үчүн1993-ж. декабрда Кыргыз Өкмөтү тарабынан республикадагы мурдагы бир катар фондулардын ордуна Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду түзүлгөн. 1994-ж. «Кыргыз Республикасынын граждандарын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө»,1996-ж. «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө», 1998-ж. «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» ж. б. мыйзамдар кабыл алынган. Буларга ылайык аз төлөнүүчү айлык акылар, пенсиялар, пособиелер, стипендиялар көтөрүлгөн.

Кыргызстандын социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндө жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында республикада пенсияларды жана пособиелерди чектөөнүн жаны эрежелери киргизилди. Эми мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде иштегендердин пособиелери менен пенсияларынын өлчөмү алардын эмгек стажысына жана алар Социалдык фондуга ай сайын милдеттүү түрдө төлөп турган камсыздандыруу взносунун жалпы суммасына байланыштуу болуп калды. Мындан тышкары ар бир адам Социалдык фонддогу өзүнүн эсебине ыктыярдуу түрдө, каалаган суммада акча которо алат.

Кийинки жылдары мамлекеттик ишканалар менен мекемелердин көпчүлүгү жабылып, калктын бир бөлүгү жекече иштеп калды. Ушуга байланыштуу калктын бул катмары да келечектеги пенсиясы үчүн камсыздануу взносун төлөө же камсыздандыруу полистерин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болду. Соңку мезгилде Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун иштери бир кыйла жакшырды.

90-жж. калкты турак жай менен камсыз кылуу проблемасын чечүү багытында бир топ иштер жүргүзүлгөн. Өз каражаты менен үй курууну каалагандарга шаарларда жана айылдарда жер участокторун бөлүп берүү иши массалык түрдө жүргүзүлгөн. Аларга жеңилдетилген кредиттер берилген. Натыйжада республикада турак-жай фондусунун жалпы аянты көбөйгөн. Азыркы учурда жалпы турак-жай фондусунун 81 проценти жеке менчикке, 2 проценти кооперативдерге берилген. Мамлекеттик менчикте турган турак-жайлар да менчиктештирилүүдө.

Калкты тейлөөнүн маанилүү тармактарынын бири — байланыш экендиги белгилүү.

Кыргызстандагы телекоммуникациялык инфраструктураны жакшыртуу үчүн 1993-ж. «Кыргызтелеком» компаниясы уюштурулган. С. А. Алымкулов жетектеген бул компания кыска мөөнөттүн ичинде эле калкка эл аралык, шаар аралык жана жергиликтүү байланышты камсыз кылуучу улуттук борборго айланган. Кыргызтелекомдун аракети менен Кыргыз Республикасынын телекоммуникациясын жакшыртуунун долбоору иштелип чыгып, жүзөгө ашырыла баштады. Натыйжада республиканын калкын телефон, телеграф, факс байланышы менен тейлөө, интернет тармагынын маалыматтарын алуу иштери жолго коюлган. 1996-ж. Кыргызстанда спутник байланышынын жаңы тилтеги станциясынын курулушу менен республикабыз Россия, Япония, Кытай, Индия, Германия, Англия жана Европанын бир катар өлкөлөрү менен түздөн-түз байланышууга мүмкүндүк алган.

Калктын саламаттыгын сактоо жана жакшыртуу социалдык турмуштун эң маанилүү тармагы болуп эсептелет.

Азыркы мезгилде республиканын калкына медициналыксанитардык жардам көрсөтүү баскычтуу система боюнча уюштурулган. Биринчи баскычка айыл-кыштактардагы фельдшердик, фельдшердик-акушердик пункттар кирген. Врачтык жардам өзүнчө амбулатория, айыл-кыштактардагы ооруканалар аркылуу берилген.

Калкка медициналык жардам берүүнүн экинчи баскычы борбордук райондук ооруканаларда, адистештирилген (инфекция. кургак учук) ооруканаларында, диспансерлерде, медициналык тез жардам станцияларында же бөлүмдөрүндө жүзөгө ашырылган.

Калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн ири мекемеси катары борбордук райондук жана шаардык ооруканалар эсептелген. Алардын айрымдары бир мезгилде З00дөн 600гө чейинки оорулууларды стационардык жол менен дарылоо кубаттуулугуна ээ болушкая. Буларда жыйырмадан ашык адистештирилген медициналык жардамдар көрсөтүлөт.

Андан кийинки баскычка областтын жана республиканын борборлорундагы дарылоо мекемелери, төрөт үйлөрү, адистештирилген ооруканалар жана диспансерлер, аптекалар ж. б. кирген. Саламаттык сактоонун бардык баскычтары бирибири менен тыгыз байланышта иштешет.

Экономикалык кризис саламаттыкты сактоо системасына да өзүнүн кесепетин тийгизүүдө. Социалдык турмуштагы чоң жетишкендик катары эсептелген акысыз медициналык жардам берүү акырындык менен кыскарып, медицинанын айрым түрлөрү оорулууларды дарылоодо акы алууга өткөрүлүүдө. Дары-дармектердин баасы улам жогорулап жатат. Мунун натыйжасында калктын кедей катмары медициналык жардам алууда өтө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Кийинки мезгилде республикада сан-эпидемия мекемелеринин иштерн өтө солгундап кеткен. Ушуга байланыштуу калк арасында кургак учук, бруцеллез өндүү социалдык оорулар күч алууда. Адамдардын өмүрүн кыйган оорулар азаймак тургай жылдан жылга көбөйүшү медицинанын алсыздыгын көрсөтүүдө.

Кыргызстанда 1999-ж. «Ден соолуктун жылы» делип жарыяланган. Буга ылайык республикада саламаттыкты сактоо боюнча реформа жүргүзүлүүдө. Бул иште ооруканалардын, поликлиникалардын, калкты диспансерлештирүүнүн тармактарын кеңейтүүгө, аларды жаңы аппараттар менен камсыз кылууга чоң көңүл бурулууда. Соңку жылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун түзүлүп иштей башташы калктын саламаттыгын сактоодо натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор