ЭГЕМЕНДҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН КАЛКЫНЫН СОЦИАЛДЫК ТҮЗҮЛҮШҮ

Коомдун социалдык турмушунда анын социалдык түзүлүшү өзгөчө маанилүү орунда турат. «Коомдун социалдык түзүлүшү» деген түшүнүк өтө кеңири экендигин эске алуубуз керек. Социалдык түзүлүш өзүнө социалдык-демографиялык, социалдык-кесиптик, социалдык-таптык, социалдыкулуттук ж. б. түшүнүктөрдү камтыйт. Калктын санынын тез өсүшү өзгөчө совет бийлигинин соңку отуз жылына туура келген. Алсак, 1959-ж. Бүткүл союздук эл каттоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз ССРинде 2,1 млн адам жашаган.

1991-ж. болсо республиканын калкы 4,4 млн адамга жеткен, т. а. бул мезгилде калктын саны эки эсеге өскөн.

Кыргызстандын калкы демографиялык жактан КМШ өлкөлөрүнөн калкынын табигый өсүшүнүн (бир жылда төрөлгөндөр менен өлгөндөрдүн ортосундагы айырма) жогорку темпте экендиги менен өзгөчөлөнгөн. Натыйжада 90-жж. биринчи жарымында эмиграциянын деңгээли өтө жогору болуп, 150 миңден ашык адам көчүп кетсе да республиканын калкы сан жагынан өскөн. 1999-ж. эл каттоо боюнча Кыргызстандын калкы 4,7 млн адамды түзгөн. Бул негизинен калктын табигый өсүшүнүн натыйжасында камсыз болгон. Алсак, 1990-ж. 1000 кишиге 29,1 бала төрөлгөн. 1993-ж. бул көрсөткүч 26,1, 1998-ж. 22 болгон. Жалпысынан алганда республика боюнча төрөлгөндөрдүн саны бир аз кыскарган. Бул 90-жж. экономикалык жана социалдык кыйынчылыктарга байланыштуу болгон.

Кыргызстандын калкынын демографиялык өнүгүүсүнүн дагы бир өзгөчөлүгү КМШга салыштырмалуу шаар калкынан айыл-кыштак калкынын басымдуулук кылганы. КМШда орто эсеп менен калктын 60 проценти шаарларда, ал эми 40 проценти кыштактарда жашашат. Кыргызстанда болсо 2002-ж. калктын 64 проценти айыл-кыштактарда жашаган. Областтар боюнча алганда айылдыктар андагы калктын Ысык-Кел областында 69, Ош областында 70, Талас областында 76, ая эми Нарын областында 82 процентти түзөт. Кыргызстандын айыл-кыштактарында жашаган калктын 70 процентке жакыны кыргыздар болгон. Ал эми бийик тоолуу райондордо айыл калкы анда жашагандардын 80 проценттен ашыгын түзүп, алардын дээрлик бардыгы кыргыз улутундагылар болгон.

Кыргызстандын калкынын жайгашышы да ар түрдүү. Буга республиканын географиялык өзгөчөлүктөрүнүн таасири тийген. Калк Кыргызстандын жеринин 15 гана процентин түзгөн өрөөндөргө, тоолордун арасындагы ойдуңдарга жайгашышкан. Бул жерлерде калктын жыштыгы 1 км2 З0дан 80 адамга чейин жетет. Алсак, азыр 1 км2 жерге Ош областында 24 адам, Талас областында 13, Ысык-Көлдө 8, Нарын областында 5 гана адам туура келет. Демек, калк негизинен дыйканчылыкка ыңгайлуу, климаты мээлүүн өрөөндөргө көбүрөөк жайгашкан.

Кыргызстандын калкынын социалдык-демографиялык түзүлүшүндөгү дагы бир өзгөчөлүк эмгек жашына чейинки балдардын көптүгү, алар 39,7 процентке барабар, калктын 10,1 процентин эмгек жашынан өткөндөр (пенсиядагылар) түзөт. Ал эми эмгекке жарамдуулар 50,2 процентке барабар. КМШнын орточо көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда карылар менен балдардын саны кыйла жогору. Бул республикада балдардын көп төрөлүшү, салыштырмалуу өлүмдүн аздыгы менен түшүндүрүлөт.

Кыргызстандын эмгекке жарамдуу адамдары же эмгек ресурстары 2,2 млн адамдан ашык, 90-жж. алар 300 миң кишиге көбөйгөн.

90-жж. республиканын эмгек ресурстары коомдук эмгекте же өз чарбасында жекече эмгек кылышкан. Менчиктештирүүнүн шартында коомдук чарбаларда эмгектенгендердин саны азайган. Азыркы мезгилде (2002-ж.) республиканын эл чарбасындагы эмгек ресурстары 21,4 проценти өнөр жайы менен курулушта, 39 проценти айыл чарбасында жана токой чарбасында, 5 проценти транспорт менен байланышта, 5,6 проценти соода жана коомдук тамак-аш, жабдуу, даярдоодо, 20,2 проценти агартуу, физкультура, социалдык камсыздоо, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, илим тармагында эмгектенишет. Республикадагы эмгекке жарамдуулардын 13 проценти көмөкчү жана үй чарбаларында иштешет, алардын көпчүлүгүн көп балалуу аялдар түзөт.

Эмгек ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, эмгекке жарамдуу адамдарды иш орундары менен камсыз кылуу мамлекеттин эн чоң милдети.

Азыркы экономикалык кризис учурунда, көпчүлүк ишканалар жабылып ири шаарларда да жумушчулар жумушсуз калууда. Кыргызстанда жумушсуздук жылдан жылга өсүүдө. Эгерде 1991-ж. республикада 94 киши жумушсуз деп каттоодон өткөн болсо, 1992-ж. 136 киши, 1993-ж. 1796 киши, 1997-ж. 54,5 миң адам жумушсуз деп катталган. 1998-ж. болсо жумушсуз деп катталгандардын саны 63,1 миңден ашкан. Бул официалдуу каттоодон өткөнү. Реалдуу түрдө азыр республикада 150 миңден ашык адам жумушсуз. Алардын 70 процентин 30 жашка чейинки жаштар түзөт.

Эмгекке жарамдуулардын 48,7 проценти аялдар, т. а. азыр 1 миллиондон ашык аялдар эмгекке жарамдуу деп эсептелинет. Бирок алардын көпчүлүгү жумушсуз. Алардын арасында жогорку жана атайын орто билимдүүлөрү көп.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 200б-ж. Кыргызстандын калкынын 60 проценттен ашыгыраагы жакыр делип эсептелген.

Кыргызстандын түштүгүндө калктын 38 проценти өтө жакыр жана 85 проценти жакырлардын катмарына туура келген. Бул ал жакта калктын жыш жайгашышы, жердин аздыгы, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн көптүгү менен түшүндүрүлгөн. Жумушсуздардын 80 проценти, майыптардын 71,7 проценти, кызматкерлердин 44,4 проценти жакыр жашашкан.

Жакырчылыкты жоюу азыркы мезгилде Кыргызстандагы эн маанилүү маселе болуп калууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын 2010-ж. чейин Өнүктүрүүнүн комплекстүү негиздери иштелип чыгып, 2001-ж. майында кабыл алынды. Жакырчылыкты жоюунун Улуттук стратегиясы да аныкталды. Аталган программалар Кыргызстанда жакырчылыкты жоюу ишинде бекем база болуп калмакчы. Бул программалар республикабызда ар бир область, шаар, район, айыл өкмөтү боюнча иштелип чыгып жаткан программалар менен толукталууда. Азыркы мезгилде жакырчылыкты жоюу борбордук бийликтердин гана негизги иши болбостон, бүткүл коомдук ишине айланууда.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор