ЭГОИЗМ

ЭГОИЗМ (лат. едо — мен) — өзүн жакшы көрүү; өзүнүн жеке Мени (керт башы), өзүнүн пайдасы ж-а утушу, башкалардыкына караганда өз кызыкчылыгын жогору коюшу ж-дөгү ой-пикир м-н аныкталуучу жүрүм- турум. Э. баарыдан-мурда, адамдын өзүн-өзү сактоого болгон табигый сезиминин, инстинкдинин туундусу болуп эсептелет; этикалык көз караштан алганда Э-дин зарылдыгы өмүрдүн баалуулугу м-н шартталат. Ал адамдын өзүнө берилген асылдыктарды аңдап-түшүнүүсү ж-а жүзөгө ашыруусу, мүмкүнчүлүктөрүн ж-а жөндөмүн болушунча жогорку деңгээлде өнүктүрүп-өстүрүүдөгү моралдык парзын аткаруу үчүн керек. Айрым учурлардагы жеке кызыкчылыктардын коомдук же башка инсандардын кызыкчылыгынан жогору коюучулук — Э-ди этикалык көз караштан алып карагнда жол берилгис нерсеге айлантат.