ЭЛ

1) кеңири мааниде түшүнүктө мамлекеттин, өлкөнүн калкы; нака илимий мааниде тарыхый өзгөрүүдөгү белгилүү бир өлкөнүн же мезгилдин прогрессивдүү, революциячыл өнүгүш маселесин чечүүгө объективдүү абалы б-ча биргелешип, ачыктан-ачык катышууга жөндөмдүү таптарды, катмарларды өз ичине алган адамдардын жалпылыгы. Эл социалдык, коомдун социалдык структурасынын өзгөрүшүн чагылдыруучу категория. Антогонссттик формацияда бул айырма эң маанилүү, анткени үстөмдүк кылуучу эксплуататордук топ м-н калайык калың массанын арасында уламдан-улам тереңдеген жарака пайда болот. Тең укуктуулук катмарлар сакталган өлкөдө «эл» бардык социалдык топторду ж-а бардык калкты камтыйт.

2. Элдер, Элдердин (мис., түрк элдери, кыргыз эли, Чыгыш элдери ж. б.). Адамдардын жалпылыгынын бир формасы, тарыхый алганда ж-а алгачкы жамааттык коомдук түзүлүштүн жеке менчикчил карым-катыштар м-н алмашкан, таптар пайда болуп өнүгүп жаткан шарттагы ар түрдүү уруулардын консолидациясынын процессинде калыптанган тууган-уруктук жалпылык. Э-ге улутка чейинки тилдик, аймактык, экономикалык ж-а маданий жактан жалпылыктар мүнөздүү. Эл жыйнактоочу аталышы м-н аталат, ич ара жалпы маданиятты түзүп турган элементтери болот. Э. кул ээлөөчүлүккө да (байыркы египет, байркы грек, түрк элдери), феодалдык түзүлүшкө да (байыркы орус, француз, ж. б.) типтүү. Капиталисттик мамилелердин келип чыгыш м-н жаңы тарыхый форма — мамлекеттик чек ара м-н бөлүнгөн, улут пайда болот, малекеттик чек ара бир нече бир нече улуттарды бириктириши мүмкүн. Капитализмде ага чейинки буржуазиялык мамилелер сакталып калгандыктан бардык эле элдер улут боло албайт (мисалы, кыпчактар).